Мазмунга өтүү

Өсүмдүктүн өсүшүн жөнгө салгычтар

Википедия — ачык энциклопедия

Өсүмдүктүн өсүшүн жөнгө салгычтар – өсүмдүк өсүшүн тездетүүчү жана кечиктирүүчү органикалык  бирикмелер. Табигый өсүмдүк өсүшүн жөнгө салгычтарга фитогармон – ауксин, гиббереллин, цитокинин, айрым витаминдер кирет. Өсүмдүктөр өсүп жетилишин белгилүү шартта акырындатуучу табигый заттарга кумарин жана анын бирикмелери кирет. Ауксин тобундагы өсүмдүк өсүшүн жөнгө салуучулар кээ бир синтездик ыкма менен алынат. Алардын маанилүүлөрү индолилмай, нафтилуксус, 2-, 4- дихлорфенилуксус к-лары. Ал эми өсүмдүктөр өсүшүнө каршылык кылган синтездик бирикмелерге гербициддер кирет. Алар айыл чарба өсүмдүктөрү түшүмдүүлүгүн жогорулатууда, отоо чөптөрдөн арылтууда жана көчөт, үрөн өстүрүүдө кеңири колдонулат. Гиббереллиндер – жаратылышта кездешүүчү Ө. ө. ж. с. Алар клетканын бөлүнүшүн, бутактын өсүшүн тездетет, жалбырак менен мөмөнүн куурашын токтотот. Себеби нуклеин кислотасын жана белок синтезин активдештирет. 1 кг өсүмдүк курамында көбүнчө 0,01 - 1,4 мгг гиббереллиндер болот, өзгөчө алар быша элек үрөндөрдө болот. Эң маанилүү гиббереллиндер бири - гиббералл к-тасы же ГА3. Ал уруксуз жүзүм, алча, картошка, арпа жана башка өсүшүн жөнгө салгыч катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]