Өсүмдүктү кошумча азыктандыруу

Википедия дан

Өсүмдүктү кошумча азыктандыруу - өсүмдүктүн түшүмүн жогорулатуу максатында колдонулуучу агротехникалык ыкма.

Мында өсүмдүк түрдүү жер семирткичтер менен кошумча азыктандырылат. Тамыр аркылуу азыктандырууда жер семирткич топуракка чачылып, өсүмдүккө азык тамырдан тарайт. Тамырдан сырткары азыктандырууда жер семирткич суюк түрдө чачылат да, азык зат өсүмдүккө сабагы менен жалбырагынан жетет. Өсүмдүктү кошумча азыктандырууну немец окумуштуусу П. Вагнер 19-кылымдын аягында колдонгон.

СССРде 1935- жылдан кеңири тарала баштаган. Кургак жер семирткнч культиватор, сеялка, авиацпянын жардамы менен, суток жер семирткич өсүмдүк азыктандыргыч жанa шина менен чачылат. Өсүмдүк сугат аркылуу да азыктандырылат.

Өсүмдүктү кошумча азыктандыруу үчүн сууда оңой эрүүчү азоттуу ам­миак селитрасы, мочевина, аммиак эритиндиси, натрий селитрасы, калий семирткичтери, суперфосфат, күл, кык ж. б. пайдаланылат.

Өсүмдүктү кошумча азыктандыруу айыл чарбасы өнүккөн бардык өлкөлөрдө жүргүзүлөт. Кыргызстандын шартында көбүнчө гозо, кант кызылча, күздүк эгин кошумча азыктандырылат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.