Өсүмдүк жамаатташтыгы

Википедия дан

Өсүмдүк жамаатташтыгы - белгилүү аймакта өсүп, жандуу жана жансыз чөйрөнүн башка комноненттери менен татаал байланышта болгон автотрофтуу жанa гетеротрофтуу өсүмдүктөрдүн жыйындысы.

Ал өтө та­таал биогеоценоз системасынын олуттуу бөлүгү. Өсүмдүк жамаатташтыгы автотрофтуу организмдердин тиричилик аракетинин натыйжасында күн нурун сиңирип жана биоценоздун бардык компоненттеринин катышуусунан аны бир түрдөн экинчи түргө өзгөртүп, заттардын биол. айлануусун ишке ашырат.

Өсүмдүк жамаатташтыгына кирген бардык өсүмдуктөрдүн түрлөрү бирдей шартта өсүүгө ыңгайланышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.