Өткөрүп берүү актысы
Көрүнүш
Өткөрүп берүү актысы – төмөндөгү жагдайларга ылайык түзүлүүчү документ: а) юридикалык жактар кошулганда, алардын арбиринин укугу менен милдеттери жаңы пайда болгон юридикалык жакка өтөт; б) бир юридикалык жактын дагы бир жакка келип кошулуусунда анын укугу менен милдеттери ошол юридикалык жакка өтөт; в) юридикалык жак кайра түзүлгөндө, анын укугу менен милдеттери кайра түзүлгөн юридикалык жакка өтөт. Ө. б. а-нда кредитчилер менен карызкорлорго карата баардык милдеттенмелери боюнча, анын ичинде тараптар талашып жаткан милдеттенмелер боюнча да мураскорлук жөнүндөгү жоболор камтылууга тийиш.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7