Өтө күчтүү магнит талаасы

Википедия дан

Өтө күчтүү магнит талаасы – чыңалышы Н ≥ 0,5–1,0 МЭ болгон талаа.

Өтө күчтүү магнит талаасынын төмөнкү мааниси азыркы учурда жетилген турактуу талаанын максимум маанисине (~500 кЭ) дал келет, жогорку мааниси (1МЭ). Жаратылышта магнит чыгырыктарды бузуп салуучу андан күчтүү талаалар кездешет. Астрофизикалык изилдөөлөр пульсарларда Н~106 МЭ болгон талаа бар экендигин аныктады. Жылдыздардын гравитациялык коллапсында 107 МЭге чейинки талааны пайда кылышы мүмкүн. Өтө күчтүү магнит талаасы (~105–107Э) эркин атомдордун ядролоруна жакын болот, аны электрондордун энергиялык деңгээлдеринин өтө жука структурасы көрсөтөт. Мега эрстеддик диапазондогу магниттик талаа кубаттуу лазер шооласын фокустоодо пайда болот. Физикалык изилдөөлөргө Өтө күчтүү магнит талаасын пайдалануу П.Л.Капицанын эмгектеринен башталат. Өтө күчтүү магнит талаасынын эксперименттеги техникасы өркүндөгөн сайын, фундаменталдуу илимий изилдөөлөрдө жана жаңы технологияда өтө кеңири пайдаланылууда. Катуу заттардын физикасында Өтө күчтүү магнит талаасы гальваномагниттик, термомагниттик, магнит-оптикалык жана резонанстык кубулуштарды изилдөөдө колдонулат. Чыңалышы 2 МЭге чейинки магнит талаасында жарым өткөргүчтөрдөгү жутуу спектри жана циклотрондук резонанс, спектрдин көрүнүүчү жана инфракызыл бөлүгүндө Фарадей эффектиси, спектрдик сызыктардын Зеемандык ажырашы, ичке висмут зымдарынын магниттик каршылыгы ж. б. изилденген. Ядро жана элементардык бөлүкчөлөрдүн физикасында Өтө күчтүү магнит талаасы бөлүкчөлөрдү идентификациялоо, заряддалган бөлүкчөлөрдүн агымын фокустоо жана четтетүү, кубаттуу тормоздук нурланууну жаратуу ж. б. үчүн пайдаланылат. Өтө күчтүү магнит талаасы башкарылма термоядролук синтез боюнча изилдөөлөрдө плазманы ысытуу жана кармап туруу, о. эле парамагниттик туздарды адиабаттык магнитсиздендирүү ыкмасы менен төмөнкү температураны (10-3К ден төмөн) алуу үчүн колдонулат. Импульстук Өтө күчтүү магнит талаасы – 1011Па га чейинки квазигидростатикалык басымды жана жогорку тыгыздыктагы энергияны алуунун булагы. Мис., ~5–10 МЭ магнит талаасынын энергия тыгыздыгы көпчүлүк катуу заттардын бөлүкчөлөрүнүн байланыш энергиясынан чоң болуп, ал эми магнит басымы Жердин борборундагы басымга жетет. Импульстук 0,5–0,8 МЭ диапазондогу талаа металлдарды басым менен иштетүүдө колдонулат. Өтө күчтүү магнит талаасын алуу материалдардын бекемдик проблемасы менен тыгыз байланышкан. Чыңалышы 500 кЭ болгон талаанын басымы (Р ~Н2/8π)~109 Па ды түзөт, бул көпчүлүк материалдардын статикалык бекемдик мүнөздөмөлөрүнөн ашат. Чыгырык материалдарынын беттик катмарында энергиянын бөлүнүп чыгуусунун жогорку тыгыздыгы жана эбегейсиз магниттик жогорку басым беттик катмардын өтө ысышына жана пластикалык агуусуна, согуу толкундарга жана материалдардын кысылуусуна алып келет. Бул кубулуш анын талкаланышын шарттайт. Ошондуктан материалдарды тандоо Өтө күчтүү магнит талаасын алуу проблемалардын бири. Башка дагы проблема чоң кубаттуулуктагы ток булагы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]