Өтө ысытуу

Википедия дан

Өтө ысытуу

  • 1) берилген басымда суюктукту кайноо температурасынан (чекитинен) жогору ысытуу же катуу кристалл заттарды фазалык өтүш болтурбастан (структурасын өзгөртпөстөн) фазалык өтуу температурасынан жогору ысытуу. Өтө ысытылган зат туруксуз, метастабилдуу абалда болот. Эрүү мезгилинде крис­талл заттарды Өтө ысытууга болбойт, себеби эрүү учурунда зат жутуучу жы­луулук анын кристалл торчосундагы атомдордун (иондордун) өз ара байланышын узүүгө сарпталат.
  • 2) Бууну берилген басымда каныгуу температурасынан жогору ысытуу.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.