“Балбай” (поэма)

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

“Балбай” жанрдык белгиси боюнча тарыхый поэмалардын катарында турат.

Поэманын тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

“Балбайга” таандык материалдардын ичинен 1923-ж. фольклор жыйноочу Каим Мифтаков жазып алган бул вариант көлөмдүүсү болуп эсептелет. Материал кимден жазылгандыгы жөнүндө так маалымат жок.

Поэма тууралуу[оңдоо | булагын оңдоо]

Балбай баатыр Көл айланасындагы бугу уруусунан чыккан Эшкожо деген өз чарбасы менен жансактаган, бүркүтчү момун пенденин уулу болгон. Балбайдын өмүрү негизинен ат үстүндө, өз урук-туугандарынын ар намысы, башкаларга көз каранды болбой жашашы үчүн тынымсыз күрөштө өткөн. Ал ошол кызматы үчүн “Баатыр” аталган. Анткени Балбай жашаган коом – али уруулар арасындагы биринчилик үчүн күрөштүн күчөп турган учуру, өз уруусу, өз эли үчүн деген ураан алдында уруу баатырлары, кандары катуу кагылышып, ал учурда баатырдын баркы кан, бектерден жогору турган. Муну менен кадыр-барк өсүп, эрдик иштери эл арасында даңазага алынган. Анын авторитети менен сыймыктанып, элесин түбөлүк эсте туткусу келген көпчүлүктүн көзүнө Балбай эпикалык баатырдай эле элес берген. Балбай тууралуу айтылган поэмасын баатырдын өз өмүрүнө жасаган экскурсу катары берет. Балбай эч кимге баш ийип багынгысы келбейт. Кокондуктарга да, орустарга да бирдей мамиле көрсөтүп, көлгө орус келет деген кабар тараганда көчүп кетет. Өзү теңдүү баатырлар менен бирдикте калыстыктан тайган манап, бек, кандар менен кармашып, казак, калмак, уйгурларга намыс бербеген Балбай орустун көл өрөөнүнө келишине кескин каршы чыгат, эч кандай кеп-кеңешти кабыл албай Текеске жер которот. Акыры анын өлүмүнө ошол өзү чочулап жатыркаган орустар менен кыргыздын өз ичинен чыккан чыккынчылары Өмүрзак, Телтору, Күчүк себепкер болуп, колу байланып Алматыга айдалат. Ага чейин өзү менен теңтайлаш өсүп келаткан Байкашка аттуу жакшы уулунан ажырап, иши кыйчалыштап, күйүткө батып турган баатыр адам ууга сугарылып, өлүм сааты алдында турса да адамдык, мусулманчылык парзын унутпайт. Артында калган бала-чакасына, жакын туугандарына акыркы керээзин Деркенбайдан аманат айттырат. Ошентип, кыргыз урууларынын удургуган ынтымаксыз ички мамилелери бири-бирине колдоо көрсөтпөстөн, тескерисинче өлүмгө түрткөнү Балбайдын трагедиялуу тагдыры менен анын өзүнүн иш аракетинен байкалган. Бул чыгарма Балбай сыяктуу өткөн ата-бабанын баатырдык иштери менен сыймыктанууга ошол кездеги коомдук түзүлүштүн мүнөзүнө жараша келип чыккан туура жана кыйчалыш жактар тууралуу таалим-тарбия берүүгө акысы бар. Анткени Балбайдын өмүрү кийинкилер үчүн ар дайым чоң сабак болмокчу. Анын өмүрүндө “Тулпар тушунда, күлүк күнүндө” дегендей түрмөгө чыккынчылык менен түшүп, моралдык жактан басынып, кордолуп турса да ат жалында өмүр сүргөн кажыбас кайрат сакталып, акыркы минуталарга чейин душманга сыр бербегени баатырдан калган чоң үлгү.

Колдонулган адабияттар.[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004