Биринчи дүйнөлүк согуш

Википедия дан
1-дүйнөлүк согуш‎»‎ барагынан багытталды)
Биринчи дүйнөлүк согуш
Даталар 28 июль 1914 — 11 ноябрь 1918
Катышкандар Европа, Африка и Жакынкы Чыгыш (кыска мөөнөттө - Кытай, Тынч океандын аралдары)
Согуштун себеби экономикалык империализм, территориалдык жана экономикалык тартышуулар, соода тосколдуктары, милитаризм жана автократия, европалык мамлекеттердин милдеттемелери.
Согуштун жыйынтыгы Антантанын жеңиши. Орусиядыгы Февраль жана Октябрь революциялары, Германиядагы Ноябрь революциясы, Осмон империясынын жана Австро-Венгриянын кыйроосу. Америкалык капиталдын Европага кирип башташы.

Биринчи дүйнөлүк согуш (28 июль 1914 — 11 ноябрь 1918) — адамзаттын тарыхындагы эң чоң жана татаал куралданган конфликтердин бири.

Биринчи дүйнөлүк согуш Төрттүк союз (Герман империясы, Австрия-Венгрия, Осмон империясы, Болгария) жана Антантa (Орусия империясы, Франция, Улуу Британия, Бельгия, Сербия, Черногория кийинчерээк Япония, Италия, Румыния, Португалия, Греция, АКШ жана башка бардыгы 34 мамлекет катышкан коалицияларынын ортосундагы согуш.

Сараеводо австрия-венгриялык тактынын мураскери Франц-Фердинанддын өлтүрүлүшүнө байланышкан Босния кризисинен улам келип чыккан. Германия Англия менен Франциянын эсебинен жаңы колонияларды басып алууну, Франция менен Россияны начарлатууну, Европада өз үстөмдүгүн күчөтүүнү көздөгөн.

Австрия-Венгрия Балканда өз таасирин кеңейтүүгө жана өзү эзип жаткан элдердин улуттук-боштондук кыймылын басууга умтулган. Англия Германияны начарлатууга, анын колонияларынын бир бөлүгүн басып алууга үмүттөнгөн. Франция 1871-жылы Германияга тарттырып жиберген Эльзас менен Лотарингиянын чыгышын кайтарып алууну, ошондой эле Германиянын Саар жана Рейн облустарынын жарымын басып алууну каалаган. Россия Балканда жана Босфор менен Дарданелл кысыктарында өз үстөмдүгүн орнотууга, ошондой эле Германияны экономикалык жактан начарлатууга жана Австрия-Венгриянын Балканда үстөмдүк кылуу коркунучун жок кылууга умтулган. Биринчи дүйнөлүк согуш Антантанын жеңиши менен аяктады. Биринчи дүйнөлүк согуштун жүрүшүндө согушуп жаткан тараптар 74 миллион кишини аскерге мобилизациялашты. 10 миллионго жакын киши курман болду, 20 миллионго жакыны жарадар, 10 миллионго жакын киши ачарчылыктан жана эпидемиялардан (холера, темгилдүү келте, испан тумоосу) каза болду.

1919-жылы 28-июнда Биринчи дүйнөлүк согуштун бүткөндүгү жөнүндө Германия менен Версаль тынчтык келишимине кол коюлду. Германиядан Европадагы биртоп жерлер алынып, Франция, Бельгия, Польшага берилди. Германиянын колонияларын жеңип чыккан мамлекеттер өз ара бөлүп алышкан. Жеңилген мамлекеттер, анын ичинде Осмон империясы көп жеринен ажырап калган. Австрия-Венгриядан Австрия, Венгрия, Чехословакия өз алдынча мамлекет болуп бөлүнүп чыккан. Австрия-Венгрия жеринин бир бөлүгү Румыния, Италия, ошондой эле кайрадан түзүлгөн Польша жана Югославия мамлекеттерине кирген. Калып:Hist-stubКалып:War-stubКалып:Mil-stub