10 Канал (телесериал)

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Picto infobox TV-icon-novela.png
10 Канал
10 Канал
Жанр

Ситуациялык Комедия (ситком)

Жараткан

Бакай Эген

Ролдордо

Асель Турдалиева
Нурбек Юлдашев
Айдина Камчыбекова
Дамир Ибраимов
Насиба Тагаева
Анара Кидиева
Хадича Исмаилова
Руслан Ажыканов

Мамлекет

Flag of Kyrgyzstan.svg Кыргызстан

Түпнуска тили

Кыргызча
Орусча

Сезондордун саны

1

Сериялардын саны

10

Өндүрүш
Продюсер

ПРООН комп.

Режиссёр

Бакай Эген

Сценарий

Нурлан Раззакулов
Каарманбек Кулуев

Хронометраж

20 мүнөт

Трансляция
Телеканал

ЭлТР
super.kg

Экрандарда

2015
2015

Статус

1 Сезону бүткөн

10-канал - кичинекей шаардагы жеке телекомпаниянын ичиндеги окуяларды чагылдырган ситуациялык комедиялар жанрындагы телесериал.Ситуациялык комедия же ситком – бул туруктуу каармандардын катышуусундагы радио жана телепрограммалардын бир түрү. Телеберүүлөрдүн ситкому 20-30 мүнөткө созулат. Биринчи ситкомдор көрүүчүлөрдүн катышуусунда студияда тартылгандыктан аларды кадрдын сыртындагы күлкү коштоп турат.

Фильм тууралуу[оңдоо | булагын оңдоо]

Көп жылдардан бери ийгиликтүү иштеп келген телеканалдын башчысы Алия Талгатова саясатка аралашууну чечип, депутаттыкка өз талапкерлигин коюу үчүн кетет. Анын ордуна убактылуу милдетин аткаруучу болуп Замир Юлдашев дайындалат. Замир Юлдашев каналдын түбөлүктүү башчысы болууну самайт. Ал Айдина аттуу катчы менен биргеликте өзүнүн потенциалдуу атаандаштары болгон Дамира Бөрүбасаровны жана Кыял Чоротегинди жолунан алууга аракеттенет. Телеканалдын ээси Роман Тен Талагатованын кандидатурасын колдоп, анын шайлоо алдындагы штабын дал ушул телеканалдын кеңсесине жайгаштырып, Замир Юлдашевге тоскоолдук жаратат.

Сериял жөнүндө[оңдоо | булагын оңдоо]

«10-канал» – бул ситуациялык комедия жанрындагы телесериал. Комедиянын жүрүшү кичи шаардагы жеке телекомпаниялардын биринде орун алат. Анда телеканалдын башкы директоруАлия Талгатова саясатка аралашууга белсенип, депутаттыкка талапкерлигин коёт. Башкы директордун милдетин аткаруучу болуп Замир Юлдашев дайындалат. Ал телеканалды толугу менен башкарууну көздөп, Айдина аттуу катчысы менен бирге атаандашы катары көргөн коммерциялык директор Дамира Бөрүбасарова жана көптү үмүттөндүргөн МГУнун бүтүрүүчүсү Кыял Чоротегинди жолунан алып салуу аракетин көрө башташат. Телеканалдын ээси Роман Тен шайлоодо Талгатованын талапкерлигин колдоп, шайлоо алдындагы штабды телеканалдын кеӊсесине орноштуруп берет. Муну менен ал Замир Юлдашевдин ээн-эркин басып-туруусуна тоскоол болуп жагдайды ырбатат. Мына ушундай интригага сугарылган көрүнүштөр күлкүлүү сериалдын өзөгүн түзөт.

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]