14-ноябрь

Википедия дан
ОктябрьНоябрьДекабрь
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30  

14-ноябрь — жылдын 318-чү күнү (толук жылда 319-чи күн), Григорий календары боюнча жылдын аягына чейин 47 күн бар.

Майрамдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Окуялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстан[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1935-жылы: Кыргыз АССР советтик жазуучулар кошуунунун «Литературная Киргизия» аттуу күндөлүк гезити жарык көргөн.
  • 1939-жылы: Кыргыз ССР Кино жана кинотрест башкармалыгы республикалык кинофестиваль өткөрүү туурасында чечим чыгарган.
  • 2006-жылы: Оңдоо иштерине 5 миллион сом сарпталган президенттик Ту-154 учагы өлкөнүн расмий делегациясын чет өлкөлөргө ташуу үчүн ишке киришет.
  • 2007-жылы: Бишкек шаарынын депутаттары Д.Үсөновду мэр кылып шайлашат.

Дүйнө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1263-жылы: Орус князы, Юрий Долгорукийдин чөбөрөсү Александр Невский каза болгон.
  • 1321-жылы: Атактуу италиялык акын Данте Алигьери каза болгон.
  • 1831-жылы: Немис философу Георг Гегель көз жумган.
  • 1889-жылы: Индиянын туңгуч премьер-министри Жавахарлал Неру туулган.
  • 1896-жылы: Ниагара шаркыратмасында гидроэлектростанция иштей баштаган.
  • 1907-жылы: “Кичинекей бала жана Карлсон”, “Пеппи – узун байпак” чыгармалары менен таанымал швед жаш балдар жазуучусу Астрид Линдгрен төрөлгөн.
  • 1930-жылы: Ачык космоско чыккан АКШнын биринчи астронавты Эдвард Уайт жарык дүйнөгө келген.
  • 1936-жылы: СССРде Гидрометеорологиялык кызмат түзүлөт.
  • 1954-жылы: 2001-жылдан бери АКШнын президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин милдетин аркалап келаткан Кондолиза Райс туулган. (57 жыл мурун.)
  • 1959-жылы: Орусиялык белгилүү алып баруучу, музыкант Дмитрий Дибров туулган.
  • 1960-жылы: Нефть экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму (ОПЕК) түзүлгөн.
  • 1963-жылы: Cуунун түбүндө жанар тоо атырылып, анын негизинде Исландияда Суртсей деген арал пайда болгон. Ал дүйнөлүк табигый мурастардын тизмесине таандык.
  • 1963-жылы: Орусиялык ырчы, актриса жана телеалпаруучу Лолита Милявская төрөлгөн.
  • 1968-жылы: “Ночные снайперы” тобунун негиздөөчүлөрүнүн бири, ырчы Светлана Сурганова төрөлгөн.
  • 1981-жылы: Гамбия менен Сенегал биригип, Сенегамбия Федеративдик Республикасын (8 жыл өкүм сүргөн) түзүшкөн.
  • 1991-жылы: 13 жылдык куугунтуктан кийин Камбожанын ханзаадасы Нородом Сианук мекенине кайтып, өлкөнүн убактылуу өкмөт башчысы болуп дайындалат. 2004-жылы улгайганына байланыштуу тактан баш тарткан Сианук учурда Пекинде жашайт.

Төрөлгөндөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каза болгондор[түзөтүү | булагын түзөтүү]