15-январь
Jump to navigation
Jump to search
| ← январь → | ||||||
| Дш | Шш | Шр | Бш | Жм | Иш | Жк |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | |
| 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 |
| 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 |
| 21 | 22 | 23 | 24 | 25 | 26 | 27 |
| 28 | 29 | 30 | 31 | |||
| 2019 ж. | ||||||
15-январь (кырг. Үчтүн айынын он беши) — Григорий жылсанагы боюнча жылдын 15-чи күнү, жылдын аягына чейин 350 күн (толук жылда 351) күн бар.
Мазмуну
Майрамдар[оңдоо | булагын оңдоо]
Улуттук[оңдоо | булагын оңдоо]
Египет — Бак-дарак отургузуу күнү
Окуялар[оңдоо | булагын оңдоо]
Кыргызстанда[оңдоо | булагын оңдоо]
- 1887 — Кыргызстанда биринчи орус-жергиликтүү мектеп Ошто ачылган.
- 1944 — кыргызстандык Андрей Титов Советтер Союзунун Баатыры деген наам алган.
- 1948 — "Билим" коому уюшулган.
- 2013 — Бишкекте Чыңгыз Айтматов атындагы китепканада улуу жазуучунун эстелиги ачылган.
Дүйнөдө[оңдоо | булагын оңдоо]
- 1930 — Советтер союзунда эң биринчи жол чырак Ленинградда Невск-Литейный көчөлөрүнүн кесилишине орнотулган.
- 1943 — Пентагондун имаратынын курулушу аяктаган.
- 1992 — Евро биримдиги Словения жана Хорватия өлкөлөрүнүн көз карансыздыгын моюнга алган.
- 1993 — АКШда, NBC телеканалында «Санта-Барбара» сериалынын соңку 2137-сериясы эфирге чыккан.
- 2001 — «Уикипедия» сайты иштеп баштаган.
Төрөлгөндөр[оңдоо | булагын оңдоо]
- 1906 — Мукай Элебаев, акын, жазуучу.
- 1918 — Насер Гамаль Абдель, Египеттин экинчи президенти.
- 1929 — Мартин Лютер Кинг, америкалык укук коргоочу
- 1931 — Төлөгөн Касымбеков, жазуучу, Кыргыз Республикасынын Баатыры.
- 1932 — Жалил Абдыкадыров, жазуучу, котормочу, режиссер.
- 1965 — Бернард Хопкинс, америкалык боксчу.
- 1981 — Pitbull, америка-кубалык рэп-аткаруучу.
- 1988 — Скриллекс, америкалык музыкант, продюссер.
Каза болгондор[оңдоо | булагын оңдоо]
- 1919 — Роза Люксембург, немис коммунисти.
- 2013 — Бекеш Абдылдаев, режиссер.