Мазмунга өтүү

1914-жыл

Википедия — ачык энциклопедия
1910 · 1911 · 1912 · 1913 1914 1915 · 1916 · 1917 · 1918
1890-чу · 1900-чу1910-чу1920-чу · 1930-чу
XIX кылымXX кылымXXI кылым

1914 (бир миң тогуз жүз он төртүнчү) жыл — толук эмес жыл, григориан календары боюнча бейшембиден башталат. Бул жыл биздин замандын 1914, 2-миңжылдыктын 1914, XX кылымдын экинчи он жылдыгынын 4-жылы болуп эсептелинет.

1914-жыл Европадагы узакка созулган саясий кризистин кескин курчушу менен мүнөздөлгөн. Бул кризис кызыкчылыктардын кагылышуусу жана экономикалык санкциялардан улам келип чыгып, жыйынтыгында Биринчи дүйнөлүк согуштун башталышына алып келген. Бул тарыхтагы планетардык масштабдагы биринчи куралдуу кагылышуу болуп, анын негизги себеби Сараеводо Австрия тактысынын мураскеринин өлтүрүлүшү болгон[1][2].

1914-жылы тарыхта биринчи жолу Сент-Питерсберг — Тампа багыты боюнча туруктуу эл аралык коммерциялык каттамдарды ишке киргизген «Airboat Line» авиакомпаниясы негизделген[3][4].

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]