1984 (роман)

Википедия дан
1984
Жазуучу Жорж Оруэлл
Нукура аталышы Nineteen Eighty-Four
Өлкөсү  Улуу Британия
Тили англис
Жанры антиутопиялык роман, саясий фантастика, социалдык фантастика
Басмакана Secker & Warburg
Чыккан жылы 1949
Кыргызча чыккан жылы 2022
ISBN 978-9967-00-056-8
Мурункусу Айбан чарба

"1984" (англ. Nineteen Eighty-Four - "Бир миң тогуз жүз сексен төрт") - 1949-жылы биринчи жолу жарыкка чыккан англиялык жазуучу Жорж Оруэллдин антиутопиялык романы[1]. Романдагы окуя баарына үлгүрүүчү өкмөттүк көзөмөл жана коомдук манипуляциялар орун алган тынымсыз согуштардын дүйнөсү болгон ири Океания мамлекетинин Эйерстрип Уан (англ. Airstrip One, мурун Уулу Британия деп аталган) аттуу жерде орун алат. Эвфемизм сөз каражаты жыш колдонулуп, "Ангсоц" (англ. Ingsoc) жана "Нүспик" (англ. Newspeak) деген сөздөр пайда болот, алар англиялык социализм бийлигин жана өкмөт ойлоп тапкан тилди билдирет. Ири мамлекет индивидуализм жана көз карандысыз ой жүгүртүүнү куугунтуктаган өкмөт жана партиянын привилегиялуу элитасынын менен көзөмөлдөнөт.

Залимдик бийлик "Улуу ага" (англ. Big Brother) атуу жеке адамга сыйынуу менен колдонгон, бирок өзү бар болгону белгисиз болгон партиянын башчысы аркылуу көзөмөлдөнөт. Партия "толугу менен өзүнө багытталган бийликти каалайт. Ал жөн гана өзүнүн бийлигин ойлоп калгандардын жашоосу менен такыр көңүлдөнбөйт". Романдын башкы каарманы Уинстон Смитт, үгүттөө жана тарыхый ревизионизмге жоопкер болгон Чындык министрлигине иштеген Тышкы партиянын мүчөсү. Анын негизги максаты партиянын саясатын коштой турган тарыхый эски гезиттердеги макалаларды кайрадан жазып чыгуу. Жумушчулар өздөрүн фальсификат жасоочу кишилер деп санабаса да алар берилген нускамаларды кайрадан жазып оңдошчу. Министрликтер кайрадан оңдолбогон кагаздардын баарын жок кылышчу, ошондон улам өкмөттүн баардык айткандары эч кандай бир шек туудурчу эмес. Смит аттуу тырышчаак жана акылдуу кызматкер жашырын түрдө партияны жек көрүп, анын башчысына каршы көтөрүлүш чыгышын каалайт. Романдын башкы каарманы Жүлия, Оруэллдин экинчи аялынын (Соня Оруэлл) прототипы.

"1984" саясий жана антиутопиялык илимий-фантастикалык чыгарма болсо да, түзүлүшү менен кадимки классикалык романдан айырмаланбайт. Романдагы "Улуу ага", "эки мертебе ойлонуу" (англ. doublethink), "ой кылмышы" (англ. thoughtcrime), "Нүспик", "101-бөлмө" (англ. Room 101), "телеэкран" (англ. telescreen), "2 + 2 = 5" жана "эс жыртыгы" (англ. memory hole) терминдердин колдонуусу 1949-жылдары кеңири жайылды. "Орвелиан" термини бул роман аркылуу массаларга жайылды. Ал өкүмчүл жана залимдик бийликтин расмий түрдө калпты жашыруу, жашырын тинтүү жана манипуляциялоолорду кылуу дегенди билдирет. 2005-жылы Time magazine журналы романды 1923-2005-жылдар арасындагы эң мыкты жазылган 100 романдардын бири деп тапты. Китеп "Заманбап" китепканасынын 100 эң мыкты романдардын ичине кирип эки тизмеде жайгашты: 13-орун алып редакторлордун тизмесине кирди жана 6-орунду окурмандардын тизмесинде алды. 2003-жылы роман BBC каналынын The Big Read тизмесинин 8 орунун алды.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Murphy, Bruce (1996). Benét's reader's encyclopedia. New York: Harper Collins. p. 734. ISBN 978-0-06-181088-6.