2018 кышкы Олимпиада оюндары

Википедия дан
XXIII кышкы Олимпиада оюндары
2018 кышкы Олимпиада оюндары
Жалпы маалыматтар
Өткөрүү жайы  Корея Республикасы
  Уюштуруучу шаары Пйоңчаң, Түштүк Корея
     Стадиону Олимпиадалык стадион
Катышуучу өлкөлөр 92
Спортчулардын саны 2,952
Ойнотулуучу медалдар 102 медаль (спорттун 7 түрү боюнча)
Ачылыш аземи 9-февраль
Жабылыш аземи 25-февраль
Олимпиаданын оту Ким Ён А
Олимпиаданын анты Мо Тхэ Бом
Хронологиясы

2018 кышкы Олимпиада оюндары (англ. 2018 Winter Olympics, фр. Jeux Olympiques d’hiver de 2018, кор. 제23회 동계 올림픽) — 2018-жылы 9-фералдан - 25-февралга чейин, Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтөт.

Кышкы Олимпиада оюндары өтө турган Пйоңчаң шаары Канвондо провинциясында жайгашкан. Ал Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарынан 180 чакырым алыстыкта жайгашкан. Пйоңчаңдын калкы 44 миң гана адамды түзгөнү менен, бул шаарда 35 миң адам бата турган олимпиадалык стадион курулган.

Климаты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Пйоңчаңдын климаты континенталдык. Кыш мезгилинде абанын орточо температурасы -6 градусту түзсө, жайында абанын температурасы 24 градустун тегерегинде ысык болот. Мындай көрсөткүчтөргө карабай, Пйоңчаң шаары Түштүк Кореядагы эң суук аймак болуп эсептелет.

Шаарды тандоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Добуш берүүнүн жыйынтыгы
Талапкер Өлкө 1-чи раунд
Пйоңчаң Корея Республикасы Корея Республикасы 63
Мюнхен Германия Германия 25
Анси Франция Франция 7

Пйоңчаң буга чейин Кышкы Олимпиаданы өткөрүүгө 2 жолу талапкер болгон. 2010-жылы Кышкы Олимпиаданы өткөрүүгө аттанган Пйоңчаң Канаданын Ванкувер шаарына 3 добуш айырмачылык менен жеңилип калган. Ал эми 2014-жылы өткөрүүгө аракет жасап, Орусиянын Сочи шаарына 4 добуш айырмачылык менен жеңилген. 2011-жылы эл аралык олимпиадалык комитети 123-жыйынында Пйоңчаң шаарын Кышкы XXIII Олимпиада оюндарынын борбору болот деп шайлаган[1]. Мында Пйоңчаң Олимпиаданы өткөрүүгө аттанган Германияны 38 добуш айырмачылык менен жеңип алган. Түштүк Корея Азия аймагында Кышкы Олимпиаданы өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алган экинчи өлкө болуп саналат[2]. Буга чейин Азия аймагында Кышкы Олимпиада оюндары 2 гана жолу өткөрүлгөн. Мындай мүмкүнчүлүктү Жапония колдонгон, ал Кышкы Олимпиаданы 1972-жылы Саппоро шаарында өткөрсө, 1998-жылы Нагано шаарында өткөргөн.

Олимпиада оту[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Олимпиада отунун эстафетасы салттуу түрдө Грецияда 2017-жылдын 24-октябрында старт алды[3]. Олимпиадалык отту алгач грециялык лыжачы Апостолос Ангелис кармаган. Андан кийин эстафетаны "Манчестер Юнайтед" футболдук клубунун жана Түштүк Корея курама командасынын мурунку футболчусу Пак Жи Сун кабыл алды[4]. 2017-жылдын 1-ноябрында Олимпиада оту Түштүк Кореяга жеткирилген[5]. Бул өлкөдө эми Олимпиада оту 2018 чакырым жолду басып өтүп, Кореянын 17 шаарын жана бир катар провинцияларын кыдырат. Олимпиада отунун эстафетасы 9-февралда Олимпиаданын ачылышында аяктайт[6].

Өткөрүүчү жайлар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мелдештин ачылыш жана жабылыш аземи 35 миң көрүүчүгө ылайыкташкан Пйоңчаң олимпиадалык стадионунда орун алат. Бул стадион беш бурчтук түрүндө салынып, Альпенсия тоо-лыжа курортунан 2 чакырым алыстыкта жайгашкан. Кореянын өкмөтү чыгымды азайтуу максатында стадиондорду убактылуу кылып салышкан. Олимпиада бүткөн соң стадиондун бир бурчу соода борборуна айланат.

Мелдеш өтө турган спорттук объектилер:

  • "Каннын" кёрлинг борбору;
  • "Каннын" хоккей борбору;
  • "Каннын" муз аренасы;
  • "Альпенсия" трамплинден секирүү комплекси;
  • "Альпенсия" чана жана бобслей борбору;
  • "Альпенсия" биатлон борбору;
  • "Альпенсия" лыжа борбору.

Квандон университетинин спорттук аренасы:

  • "Чонсон" тоо-лыжа борбору;
  • "Ёнпхён" тоо-лыжа борбору;

Оюндардын ырааттамасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

 АА Ачылыш аземи  ●   Квалификациялар  №   Мелдештердин финалы  К  Көргөзмөлөрү  ЖА  Жабылыш аземи
Февраль 08
БШ
09
Жм
10
Иш
11
Жш
12
Дш
13
Шш
14
Шр
15
Бш
16
Жм
17
Иш
18
Жш
19
Дш
20
Шш
21
Шр
22
Бш
23
Жм
24
Иш
25
Жш
Медалдар
Аземдер АА ЖА
Биатлон Биатлон 1 1 2 1 1 1 1 1 1 1 11
Биатлон Бобслей 1 1 1 3
Тоо лыжа спорту Тоо лыжа спорту 1 1 1 1 1 1 1 1 1 1 1 11
Кёрлинг 1 1 1 3
Коньки менен чуркоо спорту 1 1 1 1 1 1 1 1 1 2 1 2 14
Лыжа экөө 1 1 1 3
Лыжа жарышы 1 1 2 1 1 1 1 2 1 1 12
Трамплинадан секирүү 1 1 1 1 4
Саннка спорту 1 1 1 1 4
Скелетон 1 1 2
Сноуборд 1 1 1 1 1 1 1 3 10
Фигуралык тебүү 1 1 1 1 1 К 5
Фристайл 1 1 1 1 2 1 1 1 1 10
Хоккей 1 1 2
Шорт-трек 1 1 2 1 3 8
Медалдык күн 5 7 8 8 6 7 5 9 6 3 5 7 8 6 8 4 102
Баардык медалдар 5 12 20 28 34 41 46 55 61 64 69 76 84 90 98 102
Февраль 08 Бш 09 Жм 10 Иш 11 Жш 12 Дш 13 Шш 14 Шр 15 Бш 16 Жм 17 Иш 18 Жш 19 Дш 20 Шш 21 Шр 22 Бш 23 Жм 24 Иш 25 Жш Медалдар

Медалдар жыйынтыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыя түстөгү, олимпиаданы өткөргөн өлкө (үй ээси)

Жалпы медалдардын саны

Баардыгы
Оруну Өлкөлөр (УОК) Алтын Күмүш Коло
1  Норвегия (NOR) 14 14 11 39
2  Германия (GER) 14 10 7 31
3  Канада (CAN) 11 8 10 29
4  АКШ (USA) 9 8 6 23
5  Нидерланддар (NED) 8 6 6 20
6  Швеция (SWE) 7 6 1 14
7  Корея Республикасы (KOR) 5 8 4 17
8  Швейцария (SUI) 5 6 4 15
9  Франция (FRA) 5 4 6 15
10  Австрия (AUT) 5 3 6 14
11  Жапония (JPN) 4 5 4 13
12  Италия (ITA) 3 2 5 10
13 Олимпиада желеги ООС 2 6 9 17
14  Чехия (CZE) 2 2 3 7
15  Беларусь (BLR) 2 1 0 3
16  Кытай (CHN) 1 6 2 9
17  Словакия (SVK) 1 2 0 3
18  Финляндия (FIN) 1 1 4 6
19  Улуу Британия (GBR) 1 0 4 5
20  Польша (POL) 1 0 1 2
21  Венгрия (HUN) 1 0 0 1
21  Украина (UKR) 1 0 0 1
23  Австралия (AUS) 0 2 1 3
24  Словения (SLO) 0 1 1 2
25  Бельгия (BEL) 0 1 0 1
26  Испания (ESP) 0 0 2 2
26  Жаңы Зеландия (NZL) 0 0 2 2
28  Казакстан (KAZ) 0 0 1 1
28  Латвия (LAT) 0 0 1 1
28  Лихтенштейн (LIE) 0 0 1 1
Баардыгы 103 102 102 307

Берүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жалпы каражаты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түштүк Корея Кышкы XXIII Олимпиада оюндарын өткөрүүгө 9 миллиард доллар жумшаган. Анын ичине жаңы спорттук 6 майданды куруу жана дагы 6 спорттук майданды жаңылоо, ошондой эле аймактын инфраструктурасын жогорулатуу кирген. Эң көп каражат чапчыган чыгым - бул жаңы ылдамдыкта жүргөн темир жолун салуу болуп саналат. Ага Кореянын өкмөтү 4 миллиард доллар сарптаган. Спорттук иш-чаралар өтүүчү аймактар Пйоңчаңдагы Олимпиада эки кластерде өтөт. Алар тоолуу кластер - Пйоңчаңда жана суу жээгиндеги кластер Каннын шаарында өтөт. Тоолуу кластерде лыжа, биатлон, бобслей, чана спорту жана скелетон боюнча мелдештер өтөт. Суу жээгиндеги кластерде хоккей, коньки менен чуркоо, шорт-трек жана кёрлинг боюнча мелдештер өткөрүлөт.

Эскертмелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Южнокорейский Пхёнчхан получил право провести зимние ОИ 2018 года. Текшерилген күнү 8 -февраль (бирдин айы) 2018. Түп булактан архивделген күнү 24 Апрель 2013.
  2. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 8 -февраль (бирдин айы) 2018. Түп булактан архивделген күнү 31 -январь (үчтүн айы) 2012.
  3. В Древней Олимпии зажгли Олимпийский огонь зимних Игр-2018 в Пхенчхане. Olympteka.ru (ru-RU), Olympteka.ru: олимпийская энциклопедия, новости спорта, статистика. Архивировано из первоисточника 25 -октябрь (тогуздун айы) 2017. Текшерилген күнү 25 -октябрь (тогуздун айы) 2017.
  4. Former South Korean football player Park named first Pyeongchang 2018 Torchbearer (1507812660). Архивировано из первоисточника 31 -январь (үчтүн айы) 2018. Текшерилген күнү 16 -октябрь (тогуздун айы) 2017.
  5. Олимпийский огонь доставили в Южную Корею. http://www.interfax.ru. Интерфакс. Текшерилген күнү 30 -ноябрь (жетинин айы) 2017. Түп булактан архивделген күнү 30 -ноябрь (жетинин айы) 2017.
  6. Сто дней до Пхёнчхана: олимпийский факел начал 2018-километровое путешествие. МК. Текшерилген күнү 30 -ноябрь (жетинин айы) 2017. Түп булактан архивделген күнү 1 -декабрь (бештин айы) 2017.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]