2026 Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
2026 Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары англ. 2026 World Nomad Games' | |
|---|---|
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары | |
| Урааны | Күч биримдиги! Рух биримдиги! |
| Оюн тууралуу маалыматтар | |
| Өткөрүү жайы | |
| Өткөрүү шаарлары | Бишкек, Чолпон-Ата |
| Стадиондору | Азаттык арена, Чолпон-Ата ат майданы |
| Катышуучу өлкөлөр | +100 (күтүлүүдө) |
| Спортчулардын саны | 3200 (күтүлүүдө) |
| Ачылыш аземи | 31-август, 2026 (Бишкек) |
| Жабылыш аземи | 6-сентябрь, 2026 (Чолпон-Ата) |
| Хронологиясы | |
| Расмий сайты | |
2026 Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (англ. 2026 World Nomad Games, орус. Всемирные игры кочевников 2026) — Этностук спорт түрлөрү боюнча уюштурулуучу эл аралык спорттук мелдештин 6 жолкусу. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары адам цивилизациянын мурасы катарында жана этно-маданий кыймылды өнүктүрүүгө багытталган.
Оюндар 2026-жылы 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстандын эки шаарында өтөт. Ачылыш аземи Бишкек шаарындагы Азаттык стадионунда, ал эми оюндардын негизги бөлүгү Чолпон-Ата шаарында болот[1].
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чолпон-Ата шаары Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы чакан курорттук шаар, бул мелдешти мурда үч жолу кабыл алган, белгилүү Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде жайгашкан[2].
2014-жылдын 9-14-сентябрында өткөрүлгөн алгачкы оюндарга 19 өлкөдөн 583 спортчу катышып, спорттун 10 түрү боюнча күч сынашкан[3].
2016-жылдын 3-сентябрынан 8-сентябрына чейин ошол эле жерде, Чолпон-Ата шаарында өткөн экинчи оюндарга 80 өлкөнүн, анын ичинде салттуу көчмөн эмес мамлекеттердин спортчулары катышкан[4][5][6].
2018-жылдын сентябрь айында өткөн үчүнчү оюндарга 66 өлкөдөн 1500дөн ашык спортчу катышып, салттуу спорттун 37 түрү боюнча күч сынашкан[7].
2022-жылдын 29-сентябрынан 2-октябрына чейин Түркиянын Изник шаарында мелдештин төртүнчүсү өткөн, бул Кыргызстандын чегинен тышкары биринчи болуп саналат[8].
2024-жылдын 8-сентябрынан 12-сентябрына чейин Казакстандын Астана шаарында өткөрүлгөн, бул мелдештин бешинчи жолкусу: эң эле масштабдуусу.Алтынчы оюндар кайрадан Кыргызстанда өтөөрү бешинчи оюндардын жабылыш аземинде белгилүү болгон, бирок алгач Өзбекстанда өтөт деп болжолдонгон[9].
Уюштуруучу өлкөнү тандоо
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Өлкө | Шаар | Датасы | Жыйынтыгы |
|---|---|---|---|
| Ташкент | |||
| Чолпон-Ата |
Тумары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгынын маалыматына ылайык, расмий тумары катары ак илбирс тандалган. Бул образ оюндун визуалдык жана коммуникациялык идентификациясынын маанилүү бөлүгү болуп калат.Бул тандоо ак илбирстин Кыргызстандын жаратылышы, тоо ландшафттары жана маданий баалуулуктары менен тыгыз байланышта экенине негизделгенин түшүндүрөт, ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги рухун — кадыр-барк, гармония жана эл аралык кызматташууга болгон ачыктыкты чагылдырат. Ошондой эле ал Кыргызстандын жаратылышы менен көчмөн мурастарын заманбап форматта айкалыштырган символ болуп саналат[10].
Тумаргдагы ак илбирске «Батай» — деген ысым берилген. «Ба» — барс (илбирс) сөзүнөн алынган, бул күч, эркиндик жана ички кубат, ал эми «тай» — таяныч сөзүнүн кыскартылганы. Бул ички өзөк, тең салмактуулук жана тамыры менен болгон байланыш жөнүндө[11].
Катышуучу өлкөлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Австралия
Австрия
Азербайжан[12].
Антигуа жана Барбуда
Аргентина
Армения
АКШ
Бангладеш
БАЭ
Беларусь
Бенин
Болгария
Бразилия
Венгрия
Гана
Германия
Грузия
Доминика Республикасы
Жапония
Израиль
Индия
Индонезия
Иордания
Иран
Италия
Казакстан
Камерун
Канада
Кытай
Кыргызстан
Колумбия
Конго ДР
Кот-д’Ивуар
Кувейт
Латвия
Литва
Мадагаскар
Молдавия
Моңголстан
Нигерия
Нидерланддар
Непал
Пакистан
Панама
Польша
Румыния
Ооганстан
Түз ободон берүүлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Өнөктөштөрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Объявлена дата Всемирных игр кочевников-2026 (18 -сентябрь (аяк оона) 2025).
- ↑ История Всемирных игр кочевников: Кыргызстан - Турция - Казахстан (8 -сентябрь (аяк оона) 2024). Текшерилген күнү 2025-22-10.
- ↑ Об играх (орусча) (3 -сентябрь (аяк оона) 2024).
- ↑ Страны (орусча). worldnomadgames.com. Текшерилген күнү 15 -март (жалган куран) 2018. Түп булактан архивделген күнү 16 -март (жалган куран) 2018.
- ↑ TASS: Society & Culture — 2018 World Nomad Games kick off in Kyrgyzstan. Текшерилген күнү 7 -сентябрь (аяк оона) 2018.
- ↑ Kyrgyzstan kicked off the World Nomad Games
- ↑ BBC:как прошли Всемирные игры кочевников. Текшерилген күнү 25 -сентябрь (аяк оона) 2018.
- ↑ Впервые Всемирные игры кочевников проходят за пределами Кыргызстана (30 -сентябрь (аяк оона) 2022). Текшерилген күнү 22 -октябрь (тогуздун айы) 2025.
- ↑ Узбекистан не будет принимать следующие Всемирные игры кочевников (11 -сентябрь (аяк оона) 2024). Текшерилген күнү 22 -октябрь (тогуздун айы) 2025.
- ↑ Snow Leopard Designated as Official Mascot of World Nomad Games in Kyrgyzstan (англ.). The Times of Central Asia (2 April 2026). Текшерилген күнү 16 -май (бугу) 2026. Түп булактан архивделген күнү 16 -май (бугу) 2026.
- ↑ Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары ак илбирске ат коюлду (кырг.). Спутник Кыргызстан (10 Апрель 2026). Текшерилген күнү 16 -май (бугу) 2026.
- ↑ Айдан Алескерли. Мирбек Мамбеталиев: Азербайджан примет участие в VI Всемирных играх кочевников в Кыргызстане (17 Апрель 2026). Текшерилген күнү 17 Апрель 2026.
- ↑ Chevrolet Кыргызстан стал официальным партнером VI Всемирных игр кочевников (орусча). Кактус Медиа (16 -май (бугу) 2026). Текшерилген күнү 16 -май (бугу) 2026. Түп булактан архивделген күнү 16 -май (бугу) 2026.