2026 Футбол боюнча дүйнө чемпионаты. G тайпасы
2026 Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын G тайпасынын оюндары 15 июнда башталат жана 26 июнда аяктайт[1]. Тайпада Бельгия, Египет, Иран жана Жаңы Зеландия ойношот. Плей-оффко биринчи жана экинчи орунду ээлеген курамалар чыгат жана үчүнчү орунду ээлеген курама рейтинг боюнча мүмкүн чыгат[2].
Курамалар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Чучукулактагы оруну |
Курама | Себет | Конфедерация | Тандоо ыкмасы |
Жолдомо алган күнү |
Финалдык мелдештерде катышуусу |
Акыркы катышуусу |
Мыкты жетишкендиги |
ФИФА рейтинги[3] | |
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Ноябрь 2025[5] | Июнь 2026 | |||||||||
| G1 | 1 | УЕФА | УЕФА, J тайпасы, 1-орун | 18-ноябрь 2025 | 15чи | 2022 | 3-орун (2018) | 8 | ||
| G2 | 3 | КАФ | КАФ, А тайпасы, 1-орун | 8-сентябрь 2025 | 4чү | 2018 | 1/8 финал (1934)[6], Тайпалык баскыч (1990, 2018) | 34 | ||
| G3 | 2 | АФК | АФК, 3-раунд, A тайпасы, 1-орун | 25-март 2025 | 7чи | 2022 | Тайпалык баскыч (1978, 1998, 2006, 2014, 2018, 2022) | 20 | ||
| G4 | 4 | ОФК | ОФК, 3-раунд, плей-офф чемпиону | 24-март 2025 | 3чү | 2010 | Тайпалык баскыч (1982, 2010) | 86 | ||
Таблица
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Поз | Курама | Оюн | Жңш | Тең | Жңл | ГК | ГӨ | ГА | У | Квалификация |
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| 1 | 3 | 1 | 2 | 0 | 6 | 2 | +4 | 5 | Плей-оффко чыгуу | |
| 2 | 3 | 1 | 2 | 0 | 5 | 3 | +2 | 5 | ||
| 3 | 3 | 0 | 3 | 0 | 3 | 3 | 0 | 3 | ||
| 4 | 3 | 0 | 1 | 2 | 4 | 10 | −6 | 1 |
1/16 финалдагы жайгашуу[2]:
- G тайпасынын жеңүүчүсү A тайпасындагы, E тайпасындагы, H тайпасындагы, I тайпасындагы же J тайпасындагы 3-орунду ээлеген курамага чыгат.
- G тайпасында 2-орун ээлеген курама D тайпасындагы 2-орунду ээлеген курама менен ойнойт.
- G тайпасында 3-орун ээлеген курама B тайпасынын же I тайпасынын жеңүүчүсүнө мүмкүн чыгат (эгер рейтинг боюнча мыкты 8 кураманын ичине кирсе).
Оюндар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бардык убакыттар жергиликтүү убакыт менен берилген[1].
Бельгия – Египет
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Командалар буга чейин төрт жолу жолуккан. Акыркы жолу 2022-жылы жолдоштук оюнда Египет 2:1 эсебинде жеңген[7].
| Бельгия | Оюн №16 | |
|---|---|---|
| (отчёт) |
Иран – Жаңы Зеландия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бул эки команда эки жолу жолуккан. Акыркы жолу 2003 АФК-ОФК Чакырык кубогунда Иран 3:0 эсебинде жеңген[8].
| Иран | Оюн №15 | |
|---|---|---|
| (отчёт) |
Бельгия – Иран
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бул эки команда буга чейин эч качан жолуккан эмес.
Жаңы Зеландия – Египет
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Командалар буга чейин үч жолу жолуккан. Акыркы жолу 2024-жылкы ФИФА Сериес мелдешинде Египет 1:0 эсебинде жеңген[9].
| Жаңы Зеландия | Оюн №40 | |
|---|---|---|
| (отчёт) |
Египет – Иран
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Командалар эки жолу жолуккан. Акыркы жолу 2000-жылкы Эл-жи кубогунда негизги убакыт 1:1 менен аяктап, пенальти сериясында Египет 8:7 эсебинде жеңген[10].
Сиэтл шаарында жергиликтүү комитет тарабынан алдын ала уюштурулган «Прайд матчы» (англ. Pride Match) өткөрүү пландалган, ал жергиликтүү майрамдык иш-чаралар менен байланыштуу болгон жана ФИФА тарабынан расмий колдоого алынган эмес. Чучукулак жана оюндар календары жарыялангандан кийин бул оюн Египет менен Ирандын ортосунда өтөрү белгилүү болгон. Бул эки өлкө тең мусулман өлкөлөр жана эки өлкөдө тең гомосексуалдуулук мыйзам боюнча жазаланат[11].
Сиэтлдеги Прайд матч кеңешинин өкүлү мындай деген: «Прайд матчы Сиэтлде жана бүт өлкө боюнча Прайд иш-чараларын колдоо жана жайылтуу максатында алдын ала пландалган»[12].
Иран футбол федерациясынын президенти Мехди Таж эки өлкөнүн тең «каршылыктары» бар экенин айтып, мындай бренддөөнү «белгилүү бир топту колдогон негизсиз кадам» деп атаган. Иран бул чечимге каршы арыз берүүнү пландаган[13].
Египет футбол ассоциациясы да ФИФАнын башкы катчысы Маттиас Графстрөмго расмий кат жөнөтүп, оюнду ЛГБТ темасы менен байланыштырууну «катуу түрдө четке каккан»[14].
| Египет | Оюн №63 | |
|---|---|---|
| (отчёт) |
Жаңы Зеландия – Бельгия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бул эки команда буга чейин эч качан жолуккан эмес.
| Жаңы Зеландия | Оюн №64 | |
|---|---|---|
| (отчёт) |
Фейр-плей упайлары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эгер курамалардын өз ара оюндардагы упайлары жана жалпы көрсөткүчтөрү тең болуп калса, кураманын жүрүм-турум упайлары (англ. fair play) теңдикти чечүүчү критерий (англ. tie-breaker) катары колдонулат. Ошондой эле эгер алардын тайпалар арасындагы үчүнчү орундагы курамаларды салыштырууда жалпы көрсөткүчтөрү тең болсо дагы колдонулат.
Упайлар тайпалык баскычтагы бардык оюндарда оюнчулар жана команда өкүлдөрү алган сары жана кызыл айып кагаздардын негизинде төмөнкүдөй эсептелет[2]:
- сары айып кагаз: −1 упай;
- кыйыр кызыл айып кагаз (экинчи сары айып кагаз): −3 упай;
- түз кызыл айып кагаз: −4 упай;
- сары айып кагаз жана түз кызыл айып кагаз: −5 упай;
Бир оюнда оюнчу же команда өкүлүнө жогорудагы айып упайлардын бирөөсү гана колдонулат.
| Курама | 1-оюн | 2-оюн | 3-оюн | Эсеп | |||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| 0 | |||||||||||||
| 0 | |||||||||||||
| 0 | |||||||||||||
| 0 | |||||||||||||
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1 2 FIFA World Cup 26 – Match Schedule. FIFA (February 4, 2024). Текшерилген күнү 4 -февраль (бирдин айы) 2024.
- 1 2 3 FIFA World Cup 2026 Regulations. FIFA (May 2025). Текшерилген күнү 7 -июнь (кулжа) 2025.
- ↑ FIFA/Coca-Cola Men's World Ranking. FIFA (November 19, 2025). Текшерилген күнү 22 -ноябрь (жетинин айы) 2025.
- ↑ Draw Procedures for the FIFA World Cup 2026. FIFA (November 25, 2025). Текшерилген күнү 25 -ноябрь (жетинин айы) 2025.
- ↑ Ноябрь 2025 рейтинги 2026 Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тайпалык баскычынын чучукулагында колдонулган[4].
- ↑ 1934-жылы тайпалык баскыч жок болчу, курамалар 1/8 финалдардан ойноп башташкан.
- ↑ Belgium national football team: record v Egypt. Текшерилген күнү 5 -декабрь (бештин айы) 2025.
- ↑ Iran national football team: record v New Zealand. Текшерилген күнү 5 -декабрь (бештин айы) 2025.
- ↑ New Zealand national football team: record v Egypt. Текшерилген күнү 5 -декабрь (бештин айы) 2025.
- ↑ Egypt national football team: record v Iran. Текшерилген күнү 6 -декабрь (бештин айы) 2025.
- ↑ EmmaSmith 2026 World Cup 'Pride Match' to feature Egypt and Iran (en-GB) (December 8, 2025). Текшерилген күнү 9 -декабрь (бештин айы) 2025.
- ↑ AlastairJames Iran and Egypt object to playing World Cup 'Pride Match' (en-US) (December 9, 2025). Текшерилген күнү 9 -декабрь (бештин айы) 2025.
- ↑ Iran objects to 'Pride Match' branding of World Cup game against Egypt (en), The Straits Times (December 9, 2025). Текшерилген күнү 9 -декабрь (бештин айы) 2025.
- ↑ EmmaSmith 2026 World Cup: Seattle 'Pride Match' set to happen despite Egypt objections (en-GB) (December 9, 2025). Текшерилген күнү 10 -декабрь (бештин айы) 2025.