2026 Футбол боюнча дүйнө чемпионаты. J тайпасы
2026 Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын J тайпасынын оюндары 16 июнда башталат жана 27 июнда аяктайт[1]. Тайпада Аргентина (учурдагы чемпион), Алжир, Австрия жана Иордания ойношот. Плей-оффко биринчи жана экинчи орунду ээлеген курамалар чыгат жана үчүнчү орунду ээлеген курама рейтинг боюнча мүмкүн чыгат[2].
Курамалар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Чучукулактагы оруну |
Курама | Себет | Конфедерация | Тандоо ыкмасы |
Жолдомо алган күнү |
Финалдык мелдештерде катышуусу |
Акыркы катышуусу |
Мыкты жетишкендиги |
ФИФА рейтинги[3] | |
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Ноябрь 2025[5] | Июнь 2026 | |||||||||
| J1 | 1 | КОНМЕБОЛ | КОНМЕБОЛ, тандоо раунду, 1-орун | 25-март 2025 | 19чу | 2022 | Чемпион (1978, 1986, 2022) | 2 | ||
| J2 | 3 | КАФ | КАФ, G тайпасы, 1-орун | 9-октябрь 2025 | 5чи | 2014 | 1/8 финал (2014) | 35 | ||
| J3 | 2 | УЕФА | УЕФА, H тайпасы, 1-орун | 18-ноябрь 2025 | 8чи | 1998 | 3-орун (1954) | 24 | ||
| J4 | 4 | АФК | АФК, B тайпасы, 2-орун | 5-июнь 2025 | 1чи | — | — | 66 | ||
Таблица
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Поз | Курама | Оюн | Жңш | Тең | Жңл | ГК | ГӨ | ГА | У | Квалификация |
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| 1 | 3 | 3 | 0 | 0 | 8 | 1 | +7 | 9 | Плей-оффко чыгуу | |
| 2 | 3 | 1 | 1 | 1 | 6 | 6 | 0 | 4 | ||
| 3 | 3 | 1 | 1 | 1 | 5 | 7 | −2 | 4 | ||
| 4 | 3 | 0 | 0 | 3 | 3 | 8 | −5 | 0 |
1/16 финалдагы жайгашуу[2]:
- J тайпасынын жеңүүчүсү H тайпасындагы 2-орунду ээлеген курамага чыгат.
- J тайпасында 2-орун ээлеген курама H тайпасынын жеңүүчүсү менен ойнойт.
- J тайпасында 3-орун ээлеген курама B тайпасынын, D тайпасынын, G тайпасынын, K тайпасынын же L тайпасынын жеңүүчүсүнө мүмкүн чыгат (эгер рейтинг боюнча мыкты 8 кураманын ичине кирсе).
Оюндар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бардык убакыттар жергиликтүү убакыт менен берилген[1].
Аргентина – Алжир
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аргентина буга чейин Алжир менен бир гана жолу жолуккан — 2007-жылы жолдоштук оюнда 4:3 эсебинде жеңген[6].
Австрия – Иордания
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бул эки команда буга чейин эч качан жолуккан эмес.
Аргентина – Австрия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Командалар үч жолу жолуккан, алардын баары жолдоштук оюндар болгон. Акыркы жолу 1990-жылы 1:1 эсебинде тең чыгышкан[7].
Иордания – Алжир
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Командалар буга чейин үч жолу жолуккан. Акыркы жолу 2004-жылы жолдоштук оюнда 1:1 эсебинде тең чыгышкан[8].
Алжир – Австрия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Командалар буга чейин бир жолу — 1982 Дүйнө чемпионатынын тайпалык баскычында жолуккан, анда Австрия 2:0 эсебинде жеңген.
Иордания – Аргентина
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бул эки команда буга чейин эч качан жолуккан эмес.
Фейр-плей упайлары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эгер курамалардын өз ара оюндардагы упайлары жана жалпы көрсөткүчтөрү тең болуп калса, кураманын жүрүм-турум упайлары (англ. fair play) теңдикти чечүүчү критерий (англ. tie-breaker) катары колдонулат. Ошондой эле эгер алардын тайпалар арасындагы үчүнчү орундагы курамаларды салыштырууда жалпы көрсөткүчтөрү тең болсо дагы колдонулат.
Упайлар тайпалык баскычтагы бардык оюндарда оюнчулар жана команда өкүлдөрү алган сары жана кызыл айып кагаздардын негизинде төмөнкүдөй эсептелет[2]:
- сары айып кагаз: −1 упай;
- кыйыр кызыл айып кагаз (экинчи сары айып кагаз): −3 упай;
- түз кызыл айып кагаз: −4 упай;
- сары айып кагаз жана түз кызыл айып кагаз: −5 упай;
Бир оюнда оюнчу же команда өкүлүнө жогорудагы айып упайлардын бирөөсү гана колдонулат.
| Курама | 1-оюн | 2-оюн | 3-оюн | Эсеп | |||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| 0 | |||||||||||||
| 0 | |||||||||||||
| 0 | |||||||||||||
| 0 | |||||||||||||
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1 2 FIFA World Cup 26 – Match Schedule. FIFA (February 4, 2024). Текшерилген күнү 4 -февраль (бирдин айы) 2024.
- 1 2 3 FIFA World Cup 2026 Regulations. FIFA (May 2025). Текшерилген күнү 7 -июнь (кулжа) 2025.
- ↑ FIFA/Coca-Cola Men's World Ranking. FIFA (November 19, 2025). Текшерилген күнү 22 -ноябрь (жетинин айы) 2025.
- ↑ Draw Procedures for the FIFA World Cup 2026. FIFA (November 25, 2025). Текшерилген күнү 25 -ноябрь (жетинин айы) 2025.
- ↑ Ноябрь 2025 рейтинги 2026 Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тайпалык баскычынын чучукулагында колдонулган[4].
- ↑ Argentina national football team: record v Algeria. Текшерилген күнү 6 -декабрь (бештин айы) 2025.
- ↑ Argentina national football team: record v Austria. Текшерилген күнү 6 -декабрь (бештин айы) 2025.
- ↑ Jordan national football team: record v Algeria. Текшерилген күнү 6 -декабрь (бештин айы) 2025.