25 (Аделдин альбому)

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

25 - британиялык ырчы жана акын Аделдин үчүнчү студиялык альбому. Адел Danger Mouse, Самүэл Диксон, Пол Эпуорт, Грег Керстин, Макс Мартин, Линда Перри, Ариел Рехштайд, Марк Ронсон, Shellback, «The Smeezingtons» продюсердик тобу жана Райан Теддер сыяктуу продюсерлер менен кызматташып иштеген. Альбом 2015-жылдын 20-ноябрында XL жана Columbia лейблдарынан чыккан. Аделдин бул альбомундагы биринчи сингл болгон «Hello» 2015-жылы 23-октябрда чыгар замат АКШ, Австралия, Улуу Британия жана башка көптөгөн өлкөлөрдүн хит-параддарынын алдыңкы катарын ээлеген. Бир айдан кийин чыккан альбом сап башы синглдын ийгилигин кайталап, рекорддук сатык көрсөткүчтөрү менен көптөгөн өлкөлөрдүн хит-параддарында биринчи орунду алган. 2016-жылдын февраль айында дүйнөлүк тираж 19 миллион нусканы ашкан. Диск 2016-жылы 26-февралда "Жылдын британ альбому" (англ. British Album of the Year) категориясында BRIT Awards сыйлыгын алган. 2017-жылы 12-февралда Лос-Анжелесте 59-"Грэмми" музыка сыйлыгын тапшыруу аземинде диск Жылдын мыкты альбому жана Мыкты вокалдык поп-альбом деп таанылган. 2016-жылдын июнь айына дейре дүйнө жүзү боюнча 20 миллиондон ашык нуска сатылган.

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]