5 Seconds of Summer

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

5 Seconds of Summer – 2011-жылы түзүлгөн австралиялык рок-тобу. Алгач YouTube жылдыздары болуп, алар 2011-2012-жылдар арасы ар түрдүү ырчылардын ырларын ырдагандарын видеого тартышчу. Алар One Direction тобу менен бирге жүргөн Take Me Home (кырг. Мени үйгө ала кет) туру учурунда эл аралык белгилүүлүккө жетишкен.

2014-жылдын башында алар өздөрүнүн "She Looks So Perfect" (кырг. "Абдан жакшы көрүнгөн айым") алгачкы синглин жаздырып чыгарышкан, ал Австралиянын, Жаңы Зеландиянын жана Уллу Британиянын чарттарында эң жогорку орундарды ээлеген. 2014-жылдын июнунда алар 5 Seconds of Summer аталыштагы алгачкы студиялык альбом жаздырып чыгарышкан, ал 11 өлкөнүн чарттарында биринчи орунду алган, ушундан кийин LiveSOS жандуу альбому жарыкка чыккан. 2015-жылдын октябрында топтун Sounds Good Feels Good (кырг. Жагымдуу үн жагымдуу сезим) экинчи альбому жарыкка чыгып How Did We End Up Here (кырг. Акырында кантип келдик бул жерге) аталышындагы жандуу документардык DVD жаздырышкан.

2016-жылдын 2-декабрында топ өздөрүнүн сахнадагы беш жылдыгына карата мурун эч бир өлкөдө сатылбаган This Is Everything We Ever Said (кырг. Биз кайсы бир учурда айткан нерселердин баардыгы) музыкалык альбомунун чыгуусун жарыялашкан.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Курамы[оңдоо | булагын оңдоо]

Өмүр таржымалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]