Aкaдемиялык эркиндик

Википедия дан

Aкaдемиялык эркиндик - жогорку окуу жайларындагы профессорлордун жетекчилигинде өзүн өзү башкаруу, жүргүзүлгөн окутуу программаларын аныктоо жана ички тартиптер боюнча укуктар; билим берүү жана илимий-изилдөө жагында инсанга берилген өзгөчө укуктардын жана эркиндиктердин топтому. Профессорлорду жана ректорлорду шайлоо көз карандысыз, сырткы административдик бийликтин кийлигишүүсүз жүрөт. ЖОЖдордун профессор-окутуучулар курамына, илимий кызматкерлерге жана студенттерге төмөндөгүдөй эркиндиктер берилет: предметтик окуу пландарды өзүнүн тажрыйбасы, көзкарашы боюнча түзүү; илимий-изилдөө темаларын тандоо; аларды өзүнүн ыкмаларынын негизинде жүргүзүү; студенттин өзүнүн жөндөмдүүлүгүнө жана муктаждыгына ылайык билим алуусу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1