Ананьeв Константин Николаевич

Википедия дан
Aнаньeв Константин Николаевич‎»‎ барагынан багытталды)

Ананьeв Константин Николаевич [14.7.1910-жылы туулган, РФ, Симбирск (Ульяновск) шаары ] - байланыш системасынын новатору, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1956). Ананьев 1933-жылдан Кыргызстандагы байланыш системасында иштеп, радиотехниктен Кыргыз ССР байланыш министринин орунбасарына чейин көтөрүлгөн. Ал жетекчилик кылган Кыргызстандагы байланыш кызматкерлеринин тобу тоолуу жердеги радпореле магистралын кеңейтүүдө жана телекөрсөтүүнү жакшыртууда кыйла эмгек сиңирген. Топтун демилгеси менен Советтер Союзунда 1-жолу телефон байланыштарын аба аркылуу жүргүзүү иши уюштурулган. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, 2 «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1