Антpaxинон бoёктopy

Википедия дан
Aнтpaxинон бoёктopy‎»‎ барагынан багытталды)

Антpaxинон бoёктopy - антрахинондун амин жана оксибирикмелери. Химиялык жактан туруктуу, өңү ачык жана жарыктын таасирине чыдамдуу. Түрдүү түстөгү a-амин- антpaxинон бoёктopy кеңири таралган. Амин тобундагы суутектин атомун арил же алкил тобуна алмаштыруудан антpaxинон бoёктopyнун түсү кочкулданат; амин тобун ацилдөө боёкту ачык түскө алып келет жана целлюлоза, белок, булаларын боёо жөндөмдүүлүгүн арттырат. Аминантрахинондор жана анын туундулары дисперстик боёктор, ал эми сульфотоптору болсо кислоталык боёктор катарында колдонулат. Кээ бир N орун алмашкан 1,4-диамин антрахинондор катиондук жана активдүү боёктор. 1,4-бис-ариламин-антрахинон жарыктын, суунун таасирине туруктуу, синтездик булаларды боёодо колдонулат. Ал эми анын дисульфобирикмелери кислоталык боёк болуп эсептелинет. Жарыкка чыдамдуу, оңбой турган пигменттер катары полиграфияда, боёк даярдоодо жана башкада пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1