Анaнас

Википедия дан
Aнaнас‎»‎ барагынан багытталды)
Ananas bracteatus.

Ананас (лат. Ananas) - бромель тукумундагы көп жылдык тропик чөп өсүмдүгү. Жалбырагы жазы, тасма сымал, калың, кыры тикендүү, узундугу 80 смге чейин. Машакча топ гүлдүү. Гүл жалбыракчасы бири бирине жабышып өсүп, сүйрү, чоң, сары топ мөмө (жемиш) берет. Ал назик, даамы кычкыл-таттуу, жыттуу келип, салмагы 215 кгга жетет, уругу болбойт. Гавайи, Филиппин, Тайвань, Цейлон аралдары, Инди-Кытай жана башкаларда өстүрүлөт. Тропиктик Америкада 5-6 түрү бар. Анын мөмөсүндө кант, азоттуу заттар, кислоталар, күл болот. Мөмөсү жаңы кезинде желет, ошондой эле консерва түрүндө тамак-ашка колдонулат. Кыям жана конфет жасалат. Aнaнастын жалбырагынан баалуу техникалык була алынат. Чырпыгы, калемчеси, кээде мөмөсүнүн жогору жагындагы жалбырактарын тамырлатуу менен көбөйтүүгө болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1