Aуpaнгaбад

Википедия дан

Aуpaнгaбад - Индиянын борбордук бөлүгүндөгү шаар. Махараштра штатында. Калкы 1,1 млн (2005). Декан бөксө тоосунун түндүк-батышында жайгашкан. Алгач Кхирхи (санскритче - «терезе») аталып, 1610-жылы негизделген. Азыркыча Улуу Моголдордун акыркы императору Аурангзебдин урматына аталган. 17-кылымдын архитектуралык эстеликтери (анын ичинен Биби-ка-Макбара мавзолейи, Шах-Ганж мечити) сакталган. Шаарга жакын Аурангзебдин күмбөзү жайгашкан. Кебез жана жибек кездемени кол менен токуучу өндүрүшү бар. Туристтик борбор. Ажанте жана Эллор храмдарына маршруттар Aуpaнгaбаддан башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1