Ace of Base
Ace of Base - Алф "Будда" Экберг жана бир туугандар: Жонас "Жокер" Берггрен, Малин "Линн" Берггрен жана Женни Берггренден турган швециялык поп группа болгон. Топ, 1992-2002-жылдардын аралыгында төрт студиялык альбом чыгарып, 30 миллиондон ашуун көчүрмөсүн сатуу менен ABBA жана Roxette топторунан кийинки эң ийгиликтүү үчүнчү швециялык топтордун бири аталган.
Happy Nation, "Белги" (англ. The Sign) альбомун дүйнөдөгү эң көп санда сатылган дебюттук альбомдордун бири деп атаган. Ошондой эле бул альбом Кошмо Штаттарда тогуз жолу "Платинум" сыйлыгына ээ болгон. Алардын "Ал каалаган баардык нерсе" (англ. All That She Wants), "Белги" (англ. The Sign) жана "Айланчыктаба" (англ. Don't Turn Around) аттуу дебюттук альбомдогу ырлары Billboard Mainstream Top 40 рейтингинде биринчиликти алган.
2007-жылы Линн топтон кеткенден кийин, топ трио катары 2007-2009-жылдардын аралыгында Европа жана Азияда бир нече концерт беришкен. 2009-жылы, ноябрда Женни Берггрен жеке карьерасын баштоо үчүн топтон кете тургандыгын билдирген. Ал эми 2009-жылы Жонас менен Алф топко Клара Хэгмен жана Жулия Уилиамсон аттуу вокалисттерди алып, 2010-жылы "Алтын кесилиш" (англ. The Golden Ratio) ырын чыгарышкан.
2012-жылы Клара менен Жулия топтон кетип, "Жашыруун байлык" (англ. Hidden Gemsfeaturing) албомундагы чыкпай калган ырлар жана 2005-жылдагы топтун "Б-тарап" (англ. B-sides) альбомундагы ырлар Жонс жана Алфтын аткаруусунда 2015-жылы, март айында чыккан.