Adobe Photoshop

Википедия дан

Adobe Photoshop ([əˈdəʊbɪ ˈfəʊtəʃɒp], Эдоуби Фотошоп) - Adobe Systems фирмасы иштеп чыккан жана тараткан көп функционалдуу графикалык редактор. Негизинен растер сүрөттөр менен иштейт, бирок айрым вектордук шаймандарга да ээ. Продукт - рыноктун растердик сүрөттөрдү редакциялоонун комерциялык каражаттары тармагында лидери жана Adobe фирмасынын эң белгилүү продукту болуп саналат. Учурда Photoshop MacOS, Windows платформаларына, iOS, Windows Phone жана Android уюлдук системдерине жеткиликтүү. Windows Phone 8 жана 8.1. үчүн Photoshop Express версиясы да бар. Азыркы тапта АКШда продукттун Chrome OS үчүн стримиң версиясынын бета-сыноосу жүрүп жатат. Редактордун алгачкы версиялары SGI IRIX'ке туураланып ташылган, бирок продукттун үчүнчү версиясынан тартып, расмий колдоо токтотулган. 8,0 жана CS6 версияларын Windows API Wine альтернативаларынын жардамы менен Linux алдында жүгүртүүгө болот.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Биринчи версиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биринчи версиясы 1987 жылы.аны жасаган Мичиганского университетинин студенти Томас Нолл Macintosh платформасы үчүн жасаган . ал аны Display деп атады , бирок 1988 жылы анын атын ImagePro алмаштырган. 1988 жылы Adobe Systems компаниясы ошол программаны сатып алышкан, бирок аны жасанган Томаса Нолла бойдон калтырышкан, 1989 жылы Photoshop деп атап койушкан. 1990 жылы биринчи Photoshop 1.0. иштелип чыккан


Adobe Photoshop'тун өзгөчөлүктөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Программа башында сүрөттөрдүн полиграфиялык редактору катары иштелип чыкса да, учурда веб-дизайнда да кеңири колдонулат. Photoshop'тун алгачкы версияларында ушул максатта колдонулган Adobe ImageReady (gif-файлдарды анимациялоо үчүн) программасы кошо чыгып турган. Бул программа тапшыруудан Photoshop CS3'тө четтеген. Анткени, анын функциялары графикалык редакторго кошулган. Анын үстүнө программалык продукттардын катарына Macromedia компаниясын алгандан кийин Adobe'нин карамагына өткөн Adobe Fireworks кошулган эле.

Эл оозунда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адатта бул программаны жөн эле Photoshop деп аташат. Адис эместердин оозеки кебинде Фотошоп - жадпы аталыш болуп, адатта бардык фоторедакторлор же сүрөттө колдонулган монтаж/эффект/сүзгүч (фильтр) же кайсы бир графикалык редактордо иштетилген сүрөт үчүн айтылып калган. 2004 7-школа 9а класс красава

Кошумча маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Compu-stubКалып:Software-stub