Aerosmith
Aerosmith (айтылышы "Аэросмит") – америкалык рок-тобу, кээ бир учурда "the Bad Boys from Boston" (кырг. "Бостондун тартипсиз балдары") жана Американын эң мыкты рок-энд-ролл тобу катары белгилүү. Алардын блюз жанрында негизделип, поп, оор-метал жана ритм-энд-блюз элементтерин камтган хард-рок стили көптөгөн рок-музыканттарга таасирин тийгизген. Топ 1970-жылы Бостондо (Массачусетс) түзүлгөн. Jam Band тобунун негиздөөчүлөрү гитарчы Жо Перри менен бас-гитарчы Том Хэмилтон вокалист, пианист, гармончу Стивен Тайлер, доолбасчы Жоуи Крамер жана гитарчы Рэй Табано менен бирге Aerosmith тобун негиздеген. 1971-жылы Табанону Брэд Уитфорд алмаштырып, топ жаңы мүчөсү менен Бостондо иштешип баштаган.
Дүнө жүзү боюнча 150 миллиондон ашык жана АКШда 70 миллиондон ашык үн жаздыруулары менен Aerosmith Американын эң көп сатуулары болгон хард-рок тобу болуп эсептелет. 25 алтын, 18 ак алтын жана 12 мульти ак алтын альбомдору менен америкалык топтор арасында толук тастыктоолорго ээ болгон топ болуп алар эң көп мульти ак алтын тастыктоолорго ээ болгон америкалык топ деп ырасталган. Aerosmith тобу Billboard Hot 100 чартынын "Эң мыкты 40 хит" тизмесинде 21-орунга ээ болгон, "Эң популярдуу рок хити" чартында тогуз жолу биринчи болуп, төрт "Грэмми" сыйлыгына, алты Америкалык музыка сыйлыгына жана он MTV музыкалык видео сыйлыгына ээ болгон. 2001-жылы топ Рок-н-ролл атак-даңк музейине киргзилип Rolling Stone жана VH1 каналынын "Эң мыкты 100 артист" тизмесине кошулган. 2013-жылы топтун ырларынын негизги авторлору Тайлер менен Перри Жазуучулардын атак-даңк музейине киргизилген.