Мазмунга өтүү

Apкак түpгүч aвтoмaт

Википедия — ачык энциклопедия

Apкак түpгүч aвтoмaт - аркак жиби түрүлгөн чыгырыкты бош чыгырык менен өзү алмаштыруучу машине. Анда түрмөктөн чыккан жип кергич жабдыктан, чыгырыктан, жип үзүлгөндө чыгырыкты токтотуучу жабдыктын көзүнөн, жылдыргычтын илмегинен өтүп, чыгырыкка түрүлөт. Чыгырык бекиткич кыскычтардын бирөө жетелөөчү, экинчиси жетеленме болот. Чыгырыкка жип түрүлүп бүткөндө, жетелөөчү кыскыч токтоп, жетеленме кыскыч чыгырыкты кыспай бошотуп, чыгырык ящикке түшөт. Анын ордуна жаңы чыгырык автоматтык түрдө берилип, аркак түрүлө берет. Ал эмгек өндүрүмдүүлүгүн аркак тургуч машинеге караганда 3—4 эсе жогорулатат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]