Мазмунга өтүү

Apex Legends

Википедия — ачык энциклопедия
Apex Legends
Иштеп чыгуучуRespawn Entertainment
Басып чыгаруучуMicrosoft Windows, PlayStation 4, Xbox One жана Nintendo Switch
СериясыTitanfall
КыймылдаткычыSource
Чыгарылган күнү4-февраль 2019
Жанрларыбиринчи киши аткан, Battle Royale

Apex Legends — Respawn Entertainment компаниясы тарабынан иштелип, Electronic Arts тарабынан базарга алып чыгарылган акысыз (англисче Free-to-play) биринчи киши аткан Battle Royale оюну. 2019-жылы 4 февралда Microsoft Windows, PlayStation 4, жана Xbox One платформаларына эч кандай алдын-ала жарыялоосуз жана маркетингсиз чыгарылган.

Apex Legends үч оюнчудан турган командаларды камтыган Battle Royale оюну. Titanfall жана Titanfall 2 сыяктуу илимий фантастика дүйнөсүндө жайгашканы менен, ал сериянын белгилүү "Титандар" аттуу ири роботтору кезикпейт, алардын ордуна "Легендалар" деп аталган ар биринин өзгөчө күчтөрү болгон персонаждар бар. Үч оюнчудан турган "Сквад" жана эки оюнчудан турган "Дуо" режимдери бар, бардыгы алтымыш оюнчу онлайн ойнойт. Дайыма кичирейип бараткан тегеректин ичинде оюнчулар курал-жарак жана буюмдарды жерден теришет, оюндун аягына чейин тирүү калган бир команда жеңет.