Asman Airlines
![]() | ||||
| ||||
| Негизделген жылы | 2023 | |||
|---|---|---|---|---|
| Ишмердүүлүгүн баштаган жылы | 2024 | |||
| AOC # | 67 | |||
| Хабдар | Манас эл аралык аэропорту[2] | |||
| Башкы кеңсеси | Кыргызстан, 720044, Бишкек ш, көч. Анарбек Бакаев 132 Б | |||
| Жетекчилик | Айдаралиев Жолдошбек Мухамбетович[3] (Башкы мүдүр) | |||
| Сайты | asmanairlines.kg | |||
Asman Airlines (кырг. "Асман Эйрлайнс") — Кыргызстандын жаңы мамлекеттик авиакомпаниясы. 2023-жылы түзүлгөн[4]. «Манас» эл аралык аэропортунун туунду авиакомпаниясы болуп саналат.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Asman Airlines — Кыргызстандагы авиакомпания болуп, ал мамлекеттик Манас эл аралык аэропортунун туунду компаниясы катары негизделген[4].
2023-жылдан 2024-жылга чейинки мезгил ичинде авиакомпания өзүнүн командасын түзүп, кызматкерлерди окутуу иштерин жүргүзгөн. Учкучтарды Канаданын адистери машыктырса, стюардессалар Орусиянын “Аврора” авиакомпаниясынан билим алышкан.
2024-жылдын 6-сентябрында Asman Airlines өзүнүн алгачкы учагы болгон Dash 8 Q-400дү алып келген[5]. Сентябрь айында, биринчи учагы келген учурда, компания аба операторунун күбөлүгүн (AOC) алган.
2024-жылдын 27-сентябрында Asman Airlines авиакомпаниясы Бишкектен Ош шаарына пландалган алгачкы каттамын ийгиликтүү аткарды[6].
2024-жылдын 7-октябрында Asman Airlines авиакомпаниясы Бишкек шаарында өз кеңсесин ачты[7].
Багыттары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Asman Airlines авиакомпаниясы Бишкектен Талас, Тамчы, Ош, Баткен, Раззаков, Каракол, Казарман, Кербен жана Жалал-Абад шаарларына багытталган бир катар каттамдарды жүзөгө ашырат.
| Өлкө | Шаар | Аэропорт | Эскертмелер | Булактар |
|---|---|---|---|---|
| Баткен | Баткен | |||
| Бишкек | Манас | хаб | ||
| Казарман | Казарман | |||
| Жалал-Абад | Жалал-Абад | |||
| Каракол | Каракол | Бишкек жана Ош шаарынан | [8][9] | |
| Кербен | Кербен | [10] | ||
| Нарын | Нарын | |||
| Ош | Ош | |||
| Раззаков | Раззаков | [11] | ||
| Тамчы | Ысык-Көл | |||
| Талас | Талас | |||
| Хожанд | Хожанд | [12] | ||
| Алмата | Алмата | (Тамчы, Ысык-Көлдөн) сезондук | [13] |
Багыт аралык келишимдер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Asman Airlines төмөнкү авиакомпаниялар менен багыт аралык (интерлайн) келишимдерин түзгөн:
Учактары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Авиакомпаниянын паркында 80 жүргүнчүнү батыра алган 3 Bombardier Dash 8-400 учагы бар.
| Учак | Кызматта | Буюртмалар | Жүргүнчүлөр | Эскертүүлөр |
|---|---|---|---|---|
| DHC-8-400 | 3 | 1[15] | 80 | |
| Баары | 3 | 1 | ||
Дагы караңыз
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Kyrgyz Stock Exchange.
- ↑ Asman Airlines - ch-aviation.
- ↑ Проверка сессии - ОсОО.KG. Текшерилген күнү 14 Апрель 2025. Түп булактан архивделген күнү 25 -декабрь (бештин айы) 2024.
- 1 2 Аэропорт «Манас» создал новую авиакомпанию «Асман Эйрлайнс» (орусча). utrk.kg. Текшерилген күнү 14 Апрель 2025.(жеткиликсиз шилтеме)
- ↑ Кыргызстандын авиациясы үчүн маанилүү жаңылык!. caa.kg. Текшерилген күнү 16 Апрель 2025.
- ↑ Самолет Asman Airlines выполнил первый рейс Бишкек-Ош (орусча). vesti.kg. Текшерилген күнү 16 Апрель 2025.
- ↑ В Бишкеке открыли офис государственной авиакомпании «Асман Эйрлайнс» (орусча). kabar.kg. Текшерилген күнү 16 Апрель 2025.
- ↑ Стала известна стоимость авиабилетов Бишкек - Каракол.
- ↑ «Асман» авиакомпаниясы алгачкы «Ош — Каракол — Ош» каттамын аткарды. 24.kg. Текшерилген күнү 14 Апрель 2025.
- ↑ Asman Airlines совершила технический рейс по маршруту Бишкек — Кербен (орусча). 24.kg. Текшерилген күнү 14 Апрель 2025.
- ↑ Бишкектен Раззаковго каттамдардын саны жумасына төрткө чейин көбөйдү. 24.kg. Текшерилген күнү 14 Апрель 2025.
- ↑ «Асман Эйрлайнс» мамлекеттик авиакомпаниясы Бишкек-Худжанд багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды ачат. caa.kg. Текшерилген күнү 14 Апрель 2025.
- ↑ Турдубек Алымбаев. Прямой авиарейс Алматы — Тамчи запустят с 23 июня. 24.kg. Текшерилген күнү 4 -июнь (кулжа) 2025.
- ↑ Тарыхый окуя Aero Nomad Airlines & Asman Airlines🛫. instagram.com. Текшерилген күнү 14 Апрель 2025.
- ↑ Третий самолет Asman Airlines прибудет в январе, четвертый — в мае 2025 года (орусча). akchabar.kg. Текшерилген күнү 3 -июнь (кулжа) 2025.
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Расмий сайты (кырг.) (англ.) (орусча)
