Audi
Audi ([ˈɑʊdɪ]) — германиялык унаа чыгаруу компаниясы. Штаб-квартирасы Бавариянын Ингольштадт шаарында жайгашкан. 2016-жылы өндүрүштүн көлөмү болжол менен 1 903 259 унааны түздү.[1]
| Audi AG | |
| | |
| Түрү |
коомдук компания |
|---|---|
| Листинг биржада |
FWB: NSU |
| Негизделген жылы |
1909: 117 жыл мурун |
| Мурдакы аталыштары |
Auto Union |
| Негиздөөчүлөрү |
Август Хорьх |
| Жайгашкан жери | |
| Өндүрүшү | |
| Продуктулары |
▼ 1,692,548 унаа (2025) |
| Жеке капитал |
▼ €3.5 млрд (2018) |
| Киреше айлануусу |
▼ €59.2 млрд (2018) |
| Операциондук киреше |
▼ €3.5 млрд (2018) |
| Таза киреше |
▲ €3.5 млрд (2018) |
| Активдери |
▲ €65.6 млрд (2018) |
| Капиталдаштыруу |
▲ €29.7 млрд (2018) |
| Жумушчуларынын саны |
91 674 (2018) |
| Бөлүмдөрү |
|
| Энелик компания | |
| Урааны |
нем. Vorsprung durch Technik |
| Сайт | |
Компаниянын келип чыгышы татаал болуп, XX кылымдын башына — инженер Август Хорьх негиздеген алгачкы ишканаларга (Horch жана Audiwerke) барып такалат. 1932-жылы Auto Union компаниясынын негизделишине дагы эки автоөндүрүүчү — DKW жана Wanderer катышкан. Audi компаниясынын заманбап доору 1960-жылдары башталган: ошол мезгилде Auto Union компаниясын Daimler-Benzтен Volkswagen сатып алган.[2] Volkswagen 1965-жылы Audi F103 сериясын чыгарып, Audi брендин кайра жандандырган жана 1969-жылы Auto Union компаниясын NSU Motorenwerke менен бириктирип, компаниянын бүгүнкү күндөгү формасын түзгөн.
Компаниянын аталышы негиздөөчү Август Хорьхтун фамилиясынын латын тилиндеги котормосуна негизделген. Немис тилиндеги Horch («ук» деген мааниде) сөзү латын тилинде audi болуп которулат. Audi логотипиндеги төрт шакек Auto Union компаниясын түзгөн төрт автоөндүрүүчүнүн биримдигин билдирет. Audi компаниясынын урааны — Vorsprung durch Technik, бул «Техникадан өнүгүү» деп которулат.[3]
2012-жылы Volkswagen Group Dr. Ing. h.c. F. Porsche AG (көбүнчө Porsche AG деп аталат) компаниясын толугу менен сатып алгандан кийин Audi Porsche менен бир топко кирген тууган брендге айланган. Ошондой эле Audi немис маркалары BMW жана Mercedes-Benz менен катар дүйнөдөгү эң көп сатылган люкс-автоунаа бренддеринин бири болуп эсептелет.[4]
Жетекчилери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]• Вольфганг Р. Хаббел (1979–1988)
• Фердинанд Пиеч (1988–1993)
• Франц-Йосеф Кортүм (1993–1994)
• Херберт Демел (1994–1998)
• Франц-Йосеф Паефген (1998–2002)
• Мартин Винтеркорн (2002–2006)
• Руперт Стадлер (2006–2018)
• Абрахам Скут (2018–2020)
• Маркус Дуесманн (2020–2023)
• Гернот Дөллнер (2023–учурда)

Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]“Ауди” компаниясы 1909-жылы Август Хорьх тарабынан негизделген. Хорьх 1868-жылы 12-октябрда Германияда төрөлгөн. Кичинесинен эле тетиктерди ар кандай оюнчуктан өйдө көргөн ал көптөгөн конструктордук бюролордо иштөөгө жетишкен. Кызыгы, эч бир иште көпкө кармалчу эмес. Анткени башкалар менен пикир келишпестик мүнөзү бар эле. Бирок анын автомобиль куруу талантын эч ким тана алган эмес. Ошол мүнөзүнөн улам ал 1904-жылы негизделген бюросундагы акционерлер менен пикири келишпей, өзү түптөгөн “Хорьх» компаниясынан айрылган. Ал кайрадан жаңы компания ачууга аргасыз болот.
1909-жылы унаа куруучу жаңы компания ачып, немисче «хорьх» (немис тилинен кыргызчага которгондо “ук” дегенди билдирет) деген сөздүн латын тилиндеги котормосун алат да, компаниясын “Ауди” деп атайт. Арадан бир жыл өтүп, “Ауди” компаниясы өзүнүн алгачкы Ауди А үлгүсүндөгү унаасын чыгарат. Кубаттуулугу 22 ат күчүнө барабар эле. Кийинки жылы Ауди В жана Ауди С үлгүсүндөгү автоунаалары иштелип чыгат. Алар өз заманында өтө ийгиликтүү болчу. 35 ат күчү бар, саатына 100 чакырым ылдамдыкты багынтуучу Ауди С үлгүсү ошол мезгилдин эң маанилүү Ауто Альпенфарт автожарышында жеңүүчү болот. Бул жеңиши үчүн «Альпензигер», башкача айтканда, «Альпты багындыруучу» деген атка конот. Бул ийгилик менен токтолбостон, компания жаңы максаттарга жетишүү үчүн 1923-жылы саатына 120 чакырымды багындыруучу Ауди М 1870 люкс классындагы үлгүлөрдү чыгара баштайт.
Эмблемасы энени билдирет?
[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Ауди” компаниясы 1934-жылы Германиядагы мотоцикл жана унаа чыгаруучу “ДКВ”, “Вандерер” жана “Хорьх” үч ири фирмалар менен биригип, “Ауто юнион” деген аталышты алат. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин “Ауто юнион” компаниясы банкротко учурап, өлкөдөгү акциянын эң көп бөлүгүн ээлеген “Мерседес Бенц” фирмасы “Ауто юнион” компаниясын 1964-жылы “Фольксвагенге” сатып жиберет. 1965-жылдан тартып “Ауто юнион” өз күчүнө кирип, “Даймлер-Бенц” көзөмөлү менен 1967-жылы “Ауди” компаниясы деп атала баштайт.
1968-жылдан тартып “ДКВ”, “Вандарер”, ”Хорьх” жана “Ауди” 4 компанияны чагылдырып, бири-бирине кийишкен 4 даана тегерекчени эмблема катары чыгарышат. Ошентип, эмблемасындагы 4 шакекче анын тарыхын чагылдырып, 4 компаниянын биригишин билдирет.
Түр-түлүгү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Азыркы учурдагы түрдөрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2026 жылга карата түрлөрү боюнча тизме:
|
|
Дагы караңыз
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- BMW — германиялык унаа чыгаруу компаниясы.
- Mercedes-Benz — германиялык унаа чыгаруу компаниясы.
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Audi чакырып алуу жана даттануулар
- ↑ List of Shareholdings in accordance with sections 285 and 313 of the HGB of Volkswagen AG and the Volkswagen Group as of 31 December 2009. Volkswagen AG (31 December 2009).
- ↑ Vorsprung durch Technik: A philosophy of innovation turns 50 (24 March 2022).
- ↑ Mercedes to take top spot as best-selling luxury car brand (15 April 2016).
