Avia Traffic Company
| ||||
| Негизделген жылы | 2003 | |||
|---|---|---|---|---|
| AOC # | 23 | |||
| Хабдар | Манас эл аралык аэропорту | |||
| Башкы кеңсеси | Кыргыз Республикасы, 720005, Бишкек ш., Панфилов к.,26 | |||
| Жетекчилик | Аскаров Алик Бакеевич (Башкы мүдүр) | |||
| Сайты | www.aero.kg | |||
Avia Traffic Company (юридикалык аталышы - ЖЧК "Авиа Траффик Компани") — кыргыз авиакомпаниясы. 2003-жылдын 20-июнунда негизделген[1]. Башкы кеңсеси Бишкек шаарында жайгашкан.
Avia Traffic Company Кыргызстандагы башка бардык авиакомпаниялар сыяктуу эле Европа Биримдигине уча албаган, тыюу салынган авиакомпаниялардын тизмесине киргизилген[2].
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2004-жылдан бери компания өзүнүн өндүрүштүк ишмердүүлүгүн L-410 жана АН-24 учактары менен чартердик жана ички каттамдар аркылуу ишке ашырып келген. Төрт жыл бою компания негизинен ички каттамдарды гана аткарып келген. 2008-жылы болсо, «Avia Traffic Company» Алмата, Душанбе жана Новосибирск шаарларына эл аралык каттамдарды ишке киргизүү менен өзүнүн маршруттук тармагын кеңейткен[1].
2010-жылдан тарта авиакомпания британиялык BAe 146-200 турбо-реактивдүү учагын колдонууга киргизген. Бул Екатеринбург жана Казань шаарларына каттамдардын географиясын кеңейтүүгө, ошондой эле Кытайдын Үрүмчү жана Ирандын Мешхед шаарларына туруктуу каттамдарды аткарууга мүмкүнчүлүк берген.
2011-жылы Москва жана Санкт-Петербург шаарларына узак каттамдар аткарыла баштаган.
2018-жылы авиакомпания Бишкек-Анталия-Бишкек, Бишкек-Дели-Бишкек жана кышында Бишкек-Шарм-Эль-Шейх-Бишкек сыяктуу жаңы багыттарды ишке киргизген.
2020-жылдын июль айында IATA (Эл аралык аба транспорт ассоциациясы) авиакомпаниянын эксплуатациялык коопсуздук аудити – IOSAдан ийгиликтүү өткөндүгү үчүн өзүнүн реестрине расмий түрдө киргизген[1].
Багыттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Учурда авиакомпаниянын ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Бишкектеги «Манас» эл аралык аэропортунан жана Ош шаарындагы Ош эл аралык аэропортунан жүргүзүлүп, төмөнкү шаарларга үзгүлтүксүз каттамдар уланууда:
| Өлкө | Багыт | Аэропорт | Эскертүүлөр |
|---|---|---|---|
| Ош | Ош | ||
| Жалал-Абад | Жалал-Абад | ||
| Раззаков | Раззаков | ||
| Москва | Домодедово | ||
| Екатеринбург | Кольцово | ||
| Казань | Казань | ||
| Красноярск | Емельяново | ||
| Новосибирск | Толмачево | ||
| Сургут | Сургут | ||
| Санкт-Петербург | Пулково | ||
| Краснодар | Пашковский | ||
| Иркутск | Иркутск | ||
| Стамбул | Стамбул | ||
| Анталья | Анталья | чартердик рейс
жазында | |
| Шарм-эль-Шейх | Шарм-эль-Шейх | чартердик рейс
кышында |
| Өлкө | Багыт | Аэропорт | Эскертүүлөр |
|---|---|---|---|
| Бишкек | Манас | ||
| Москва | Домодедово | ||
| Екатеринбург | Кольцово | ||
| Красноярск | Емельяново | ||
| Новосибирск | Толмачево | ||
| Сургут | Сургут | ||
| Иркутск | Иркутск | ||
| Санкт-Петербург | Пулково |
Учактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2011-жылдан бери компания Boeing 737-300 учактарын сатып алуу менен өзүнүн жеке паркын акырындык менен кеңейткен. 2016-жылы А-320 үлгүсүндөгү учактар алынып, пайдаланууга берилген. Ошол эле жылдары Вае-146-200 учагынын өз алдынча иштөөсү токтотулуп, ички каттамдар RJ85 учактары менен аткарыла баштаган.
Азыркы флоту
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2025-жылга карата авиакомпаниянын паркы төмөнкү учактардан турат:[3]
| Cүрөт | Учак түрү | Кызматта | Буюртма | Жүргүнчү сыйымдуулугу | Эскертүүлөр | |||
| F | C | Y | Баары | |||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Airbus A320-200 | 2 | — | — | — | 180 | 180 | ||
| — | — | 180 | 180 | |||||
| Boeing 737-300 | 3 | — | — | — | 148 | 148 | ||
| Баары | 5 | — | ||||||
Кырсыктар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 2015-жылдын 22-ноябрында Avia Traffic Company авиакомпаниясынын 768-рейси катары катталган Boeing 737-300 учагы (каттоо номери EX-37005) Ош аэропортуна катуу конуп, 8 адам жаракат алган. Катуу соккудан улам учактын бардык конуу шаймандары үзүлүп кеткен. Учак учуу тилкесинен чыгып кеткен жана сол кыймылдаткычы да үзүлүп калган[4].
Дагы караңыз
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1 2 3 "Биз тууралуу" (кырг.). aero.kg. Текшерилген күнү 8 Апрель 2025.
- ↑ "The EU Air Safety List - European Commission" (англ.). transport.ec.europa.eu. Текшерилген күнү 8 Апрель 2025.
- 1 2 Avia Traffic Company Fleet Details and History (англ.). planespotters.net. Текшерилген күнү 3 -июнь (кулжа) 2025.
- ↑ Simon Hradecky. Accident: Aviatraffic B733 at Osh on Nov 22nd 2015, hard landing collapses all gear (англ.). The Aviation Herald. Текшерилген күнү 8 Апрель 2025.
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Расмий сайты (кырг.) (англ.) (орусча)
- Мобилдик тиркемеси (App Store)
- Мобилдик тиркемеси (Google Play)
- Instagram расмий баракчасы
- Facebook расмий баракчасы