Волков, Геннадий Никандрович

Википедия дан
Bолков Геннадий Никандрович‎»‎ барагынан багытталды)
Волков, Геннадий Никандрович
Туулган жылы:

31 -октябрь 1927(1927-10-31)

Туулган жери:

Чуваш АССР, Чоң Яльчик айылы

Каза болгон жылы:

27 -декабрь 2010(2010-12-27) (83 жаш)

Каза болгон жери:

Чебоксары

Өлкө:

 Орусия

Илимий чөйрөсү:

Этнопедагогика

Иштеген жери:

Россия илимдер академия

Белгилүү болгондугу:

Педагог

Белгилүү болгондугу:

Педагог

Сыйлыктары


Медаль К. Д. Ушинского

Волков Геннадий Никандрович (31. 10. 1927, РСФСР, Чуваш АССРи, Чоң-Ялчик кыштагы – 27. 12. 2010, Чебоксары шаары) – этнопедагогика илиминин негиз салуучусу. Чуваш педагогика институнун физика-математика факультетин бүтүргөн (1949). Педагогика илимдеринин доктору (1967), профессор (1968), СССР Педагогика илимдер академиясынын (1989), Россия билимдер академиясынын, Социалдык жана педагогика илимдер академиясынын академиги. 1979—82-ж. Эрфурт Жогорку педагогика мектебинин профессору, 1984-ж. ардактуу доктору болгон.

Чуваш педагогикалык институтунун физика-математика факультетин бүтүргөн (1949). Волков педагогика илимин теориялык жактан байыткан ийри илимпоз. «Этнопедагогика»[1](1974, 2000) аттуу эмгеги бул илим боюнча болочок мугалимдер үчүн жазылган негизги саамалык эмгектердин бири. Ал өз эмгектеринде окутуу-тарбиялоонун улуттук-аймактык жана маданий-этникалык бөтөнчөлүгүн, элдик педагогиканын улуттук жана жалпы адамзаттык маңызын, калыптануу жолун, өбөлгөлөрүн, усул-ыкмаларын, каражаттарын, анын учурдагы абалын, окуу-тарбия ишин этнопедагогика негизде өркүндөтүү маселелерин терең изилдеген.

Илимпоз ар түрдүү элдердин улуттук-педагогика салттар жана көз карашын ырааттуу изилдеген. Өзүнүн «Письма о «Манасе», «Созвездия земли» (1979), «Педагогика жизни» (1989) жана башка эмгектеринде жана бир катар макалаларында кыргыз элинин эпикалык чыгармаларында, үрп-адат, каада-салт, макал-лакаптарды чагылткан педагогика ойлорду изилдеген. Көптөгөн чет өлкөлөрдө «Манас» эпосундагы залкар педагогика идеяларды даңазалаган лекцияларды окуган. Кыргызстандык 20дан ашык илимдин докторун жана кандидатын даярдаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4

Память[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Памятник Геннадию Волкову (35 дом, проспект Ленина, Чебоксары[2])[3]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. К 80-летию со дня рождения Г. Н. Волкова. Текшерилген күнү 4 -июль (теке) 2012. Түп булактан архивделген күнү 30 -март (жалган куран) 2012.
  2. Шупашкарта Генадий Волков академикăн пулас палăкĕн вырăнне чул хунă. Текшерилген күнү 6 Апрель 2016. Түп булактан архивделген күнү 22 Апрель 2016.
  3. Геннадий Волков палăкне уçнă