Battle Royale

Википедия дан

Battle Royale (жап. バ ト ル · ロ ワ イ ア ル , Batoru Rowaiaru) - 2000-жылы тартылган жапониялык антиутопиялык экшн коркунучтуу тасма. Ал 1999-жылы Кушун Таками жазган ошол эле аталыштагы романга негизделген. Тасманын режиссеру Кинжи Фукаски, ал эми сценарийин анын уулу Кента жазып, тасмада Такеши Китано тартылган. Тасма антиутопиялык Жапонияда орун алып, жогорку класттын окуучусу Шуя Нанахара жана анын классташтарынын окуяларын баяндайт. Алардын классы мектеп окуучулары арасында жыл сайын өтүүчү оюнга өкмөт тарабынан тандалып алынат. Бул оюндун шартына ылайык, окуучулар бир класска топтолуп эң акыркысы тирүү калганча бири-бирин өлтүрүшү керек. Тасма өлкө ичинде жана башка чет өлкөлөрдө да карама-каршы пикирди жаратып, бир нече өлкөдө тасманы көрсөтүүгө уруксат берилген эмес же болбосо көрсөтүүдөн таптакыр алынып салынган.

Тасма алгач 2000-жылы, 16-декабрда Токиодо 200 экрандан көрсөтүлгөн. Ал Жапонияда аз колдонулган көрсөткүчтө "R-15" орунду көрсөтүп, биринчи дем алышта 212 миллион иент тапкан (1.8 миллион АКШ доллар) Ал алгач чыккандан кийин алты жума боюнча жапон тилиндеги эң кирешелүү тасма деп эсептелинген жана кийинчерээк 22 өлкөгө жайылтылган. Тасма дүйнө жүзү боюнча кабыл алынып, сынчылардын жакшы баасына ээ болгон. Ошондой эле бул тасма Фукасакунун эң мыкты тасмаларынын бири деп эсептелинет. Фукасаку тасманын уландысы Battle Royale II: Requiem'ди тартып баштап, бирок Такеши Китано менен биринчи гана эпизодун тартып бүткөндөн кийин простата рак оорусунун айынан каза тапкан. Анын уулу Кента Фукасаку 2003-жылы тасманы тартып бүтүрүп аны атасынын эелесине арнаган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]