Baxтангoв Евгений Багратионович

Википедия дан

Baxтангoв Евгений Багратионович [1(13).2. 1883, Владикавказ 29.5.1922, Москва] режиссёр, актёр, педагог. Студенттердин (кийин «Мансуровдун») драма студиясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси (1913-жылдан). Ал студия 1921-жылы Москва көркөм театрынын (МХТ) 3-студиясы, 1926-жылы Евгений Вахтангов атындагы театр деп аталган. Вахтангов Октябрь революциясынан кийин Советтер театрды уюштургандардын бири. Чеховдун «Үйлөнүү тою» (1920, В. студиясы), Стриндбергдин «Эрик XIV» (1921) пьесалары боюнча спектаклдерди койгон. Акыркы спектаклинде (Гоцци, «Каныша Турандот», МХТнин 3-студиясы, 1922) оптимизм, тымызын тамаша, шайыр кырдаал өкүм сүргөн. Театр журтчулугу (айрыкча К. С. Станиславский менен В. И. Немирович-Данченко) жогору баалаган бул спектакль сахна өнөрүнө жаңы жол ачты. Театрдын этикалык жана эстет. милдеттеринин ажырагыс биримдиги, идеясы, чыгарманын мазмуну менен көркөмдүк өзгөчөлүктөрүнө шайкеш келген жана кайталангыс сахналык форманы аныктаган мезгил талабын сезе билүү сыяктуу В. негиздеген принциптер Евгений Вахтангов атындагы театрдын ишинде өөрчүтүлдү. Көрүнүктүү актёрлор менен режиссёрлор Р. Н. Симонов, Б. В. Щукин, Н. М. Горчаков, Ю. А. Завадский, А. Н. Грибов, В. П. Марецкая, А. И.Степанова жана башка Вахтанговдун шакирттери болушкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]