Bon Jovi

Википедия дан

Bon Jovi – Нү-Жерсиде (Сейревилль) түзүлгөн америкалык рок-тобу. 1983-жылы түзүлгөн топтун курамы: фамилиясы топтун аталышына окшош болгон башкы ырчы Жон Бон Жови, пианист жана клавишник Дэвид Брайан, доолбасчы Тико Торрес, башкы гитарчы Фил Икс жана бас-гитарчы Хү Макдональд. Топтун курамында эч бир чоң өзгөрүүлөр байкалган эмес, бир гана 1994-жылы бас-гитарчы Алек Жон Сачтын ордуна Хү Макдональд келген жана 2013-жылы гитарчы/жардамчы ыр жазуучу Ричи Самбора топтон чыгып кеткен. Фил Икс жана Макдональд экөө 2016-жылы расмий түрүндө топтун курамына киришкен.

1986-жылы Bon Jovi Slippery When Wet (кырг. Нымдуулуктан тайгалак) үчүнчү альбому менен кеңири таанымал болгон. Топтун New Jersey (кырг. Нү-Жерси) аталыштагы төртүнчү альбому бирдей деңгээлдеги ийгиликке 1988-жылы жеткен. 1980-жылдардын аягындагы тынымсыз гастролдордон жана жаздыруулардан улам топ, 1990-жылы New Jersey Tour (кырг. Нү-Жерси туру) турундан кийин тыныгуу алган, ошол учурда Жон Бон Жови жана Ричи Самбора ийгиликтүү соло альбомдорун жаздырышкан. 1992-жылы Keep the Faith (кырг. Ишенимди сактап калуу) альбому менен сахнага кайрадан кайткан. Экинчи тыныгуудан кийин 2000-жылы жаздырылган "It's My Life" (кырг. "Менин жашоом") сингли топко жаш угармандардын көңүлүн бурган. Bon Jovi ар кандай музыкалык стилдерди колдонгону менен таанымал, ошону менен алар 2007-жылы кантри стилинеги Lost Highway (кырг. Жок богон кан жол) альбомун жаздырышат.

Ушуга чейин Bon Jovi 13 студиялык альбом, 6 жыйнак жана үч жандуу альбом жаздырып чыгарган. Алар дүйнө жүзү боюнча 130 миллиондон ашык үн жазууларын сатып элүүдөн ашык өлкөдөгү 34 миллиондон ашык угармандарына 2700дөн ашык концерт уюштурушкан. 2006-жылы Bon Jovi Рок-н-роллдун атак-даңк музейине кошулган. Ошондой эле 2004-жылы алар American Music Awards сыйлыгынын аземи учурунда Award of Merit сыйлыгына ээ болгон. Жона Бон Жови жана Ричи Самбора ыр жазуучулар катары 2009-жылы ыр жазуучулардын атак-даңк музейине кошулган.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Курамы[оңдоо | булагын оңдоо]

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]