Селениддер

Википедия дан
Cелениддер‎»‎ барагынан багытталды)

Селениддер - селен менен металлдар химимялык бирикмелери, кристаллдык заттар.

Сульфиддер менен теллуриддерге окшош. Селениддер элементтерди түздөн түз кошуу, металлдарга же алардын кычкылдарына, туздардын эритмелерине кошуу ж. б. жолдор менен алынат.

Мезгилдик системанын IV-VIII тобундагы элементтер, лантаиоиддер, актиноиддердин Селениддери - жогорку температурада (2000-2500°С) эрүүчү, химиялык жактан туруктуу бирикмелер. Алар техниканын түрдүү тармактарында кеңири колдонулат.

Цинк, кадмий, сымап С. (ZnSе, СdSе, НgSе) фотоэлементтерде жана резисторлордо, галлий С. (Gа2Sе3) лазерлерде жарым өткөргүч материалдар. Молибден жана вольфрам С. (МоSе2, WSе2) техиканын сүрүлүүчү түйүндөрү үчүн катуу майлагыч.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.
  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6