Сүйүү ырлары

Википедия дан
Cүйүү ырлары‎»‎ барагынан багытталды)

Сүйүү ырлары, махабат ырлары, ашыктык ырлары – дүйнөнүн бардык элдеринде, оозеки жана жазма адабиятта кеңири учураган ырлар.

Сүйүү, махабат маселелери, сүйгөн жардын сулуулугу, акылдуулугу даңазаланат, эки жашка тоскоолдук кылган күчтөргө нааразылык билдирилет, соц. маселелер көтөрүлөт. Кыргыз оозеки адабиятында мындай ырлар күйгөн ырлары же күйгөндөр (мында башкы тема сүйгөнүнө жете албаган жигиттин боздоосу, зары), секетбайлар (мында негизинен кыздын сулуулугу, пакизалыгы, адеп-түүлүгү ж. б. жакшы сапаттары айтылган) деп да аталган. Көбүнчө обон менен ырдоого ылайыкталган да, аларда салыштыруу, параллелизм, эпитет көп колдонулган. Сүйүү ырлары бардык эле акындардын чыгармаларынан орун алып келүүдө.

Мис:

  • Белегим – кызыл гүлүм бар,
  • Бериш үчүн болдум зар.
  • Тартуум – кызыл гүлүм бар,
  • Тапшырыш үчүн болдум зар.
  • Зыяда болсоң кулак сал,
  • Зарымды угуп, гүлүмдү ал.
  • Керек болсо Гүзал кыз,
  • Көрө турган күнүмдү ал!
  • Караңгыда жол бассаң,
  • Чырагың болуп жүрөйүн.
  • Кайда барсаң жаныңда,
  • Ынагың болуп жүрөйүн.
  • Күндө келип суу алган,
  • Булагың болуп жүрөйүн.
  • Жашырбастан ачык айт.
  • Эмне болсо оюңда,
  • Жүрөгүнөн илинген
  • Туткунуң менмин торуңда,
  • Сыйласаң да өзүң бил,
  • Кыйнасаң да өзүң бил,
  • Тагдырым сенин колуңда!

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Шериев Ж.. Муратов А. Адабият .Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү. Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек, 1994 - ISBN 5-89750-084-3