CASA-1000
CASA-1000 (англ. Central Asia-South Asia power project) — Борбордук Азия-Түштүк Азия энергетикалык долбоору. Жалпы баасы 1,2 миллиард АКШ долларын түзгөн, учурда курулуп жаткан энергетикалык долбоор. Долбоор Кыргызстан менен Тажикстандын ашыкча гидроэлект энергиясын Ооганстан жана Пакистанга экспорттоого мүмкүндүк берет. [1] [2] [3]
| CASA-1000 | |
| Түрү |
эл аралык энергетикалык долбоор |
|---|---|
| Жайгашкан жери |
Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан, Пакистан |
| Өндүрүшү |
энергетика |
| Сайт | |
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]CASA-1000 долбоору Борбордук жана Түштүк Азиянын энергетикалык рынокторун интеграциялоо максатында иштелип чыккан. Долбоордун концепциясы 2000-жылдардын ортосунда сунушталып, кийинчерээк төрт катышуучу мамлекет тарабынан колдоого алынган.[4]
2016-жылдын 12-майында Тажикстандын Турсунзода шаарында Кыргызстандын, Тажикстандын, Ооганстандын жана Пакистандын жетекчилеринин катышуусунда долбоордун курулушуна расмий старт берилген.[5] Долбоорду 2026-жылдын аягына чейин аяктоо пландалууда.[6] [7]
Максаты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]CASA-1000 — Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын энергетикалык системаларын байланыштырган алгачкы ири регионалдык долбоорлордун бири болуп саналат. Долбоор аймактык энергетикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө, жай мезгилиндеги ашыкча гидроэнергияны натыйжалуу пайдаланууга жана катышуучу өлкөлөрдүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого багытталган. Долбоордун негизги максаты — жай мезгилинде Кыргызстан менен Тажикстанда өндүрүлгөн ашыкча гидроэлектр энергиясын электр энергиясына болгон суроо-талап жогору болгон Ооганстан жана Пакистанга экспорттоо болуп саналат.[8]
Техникалык мүнөздөмөлөрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Жалпы өткөрүү кубаттуулугу — 1300 МВт;
- Кыргызстан–Тажикстан бөлүгү — өзгөрмө ток берүү линиялары;
- Тажикстан–Ооганстан–Пакистан бөлүгү — жогорку чыңалуудагы туруктуу ток (HVDC) берүү линиясы;
- Жалпы узундугу — болжол менен 1 200 км.[9]
Каржылоо
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Долбоор төмөнкү эл аралык каржы институттары тарабынан колдоого алынат:
- Дүйнөлүк банк;
- Ислам өнүктүрүү банкы;
- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы;
- Европа инвестициялык банкы;
- Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги жана башка донорлор.[10]
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ CASA-1000 (англ.). CASA-1000 Secretariat.
- ↑ Afghan Team Off to Dushanbe for CASA-1000 Meeting (англ.). Pajhwok Afghan News (14 May 2025).
- ↑ CASA-1000 to boost Pakistan’s energy security as key meeting opens in Tajikistan (англ.). Arab News (15 May 2025).
- ↑ CASA-1000 formally inaugurated (англ.). Daily Times (13 May 2016).
- ↑ CASA-1000 power project: European firms vying to set up converter stations (англ.). The Express Tribune (29 June 2016).
- ↑ CASA-1000 to boost Pakistan’s energy security as key meeting opens in Tajikistan (англ.). Dawn Media Group (15 May 2025).
- ↑ Kyrgyzstan Secures €9 Million in EIB Funding for CASA-1000 Energy Project (англ.). The Times of Central Asia (27 May 2025).
- ↑ CASA-1000 to boost Pakistan’s energy security as key meeting opens in Tajikistan (англ.). Arab News (15 May 2025).
- ↑ Central Asia-South Asia Electricity Transmission and Trade Project (CASA-1000) (англ.). The World Bank (10 May 2016).
- ↑ CASA-1000 (англ.). CASA-1000 Secretariat.
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- CASA-1000 расмий сайты
- Дүйнөлүк банктын CASA-1000 боюнча баракчасы(жеткиликсиз шилтеме)