Call of Duty 4: Modern Warfare

Википедия дан

Call of Duty 4: Modern Warfare — Infinity War тарабынан иштелип чыккан жана Activision тарабынан жарык көргөн биринчи киши аткан видео оюн. Call of Duty сериясындагы төртүнчү чыгарылыш болуп эсептелет. Ал 2007-жылы PlayStation 3, Xbox 360 жана Microsoft Windows үчүн чыгарылган. Оюн бул сериядагы мурдагы чыгарылыштардан айырмаланып, Экинчи дүйнөлүк согуш учурун эмес, заманбап учурдагы окуяларды чагылдырат. Эки жылдан ашуун убакытта иштелип чыккан оюн проприетардык оюн кыймылдаткычын колдонот.

Окуя 2011-жылда орун алат. Анда радикал башчы Жакынкы Чыгыштагы аты аталбаган өлкөнүн президентин өлүм жазасына тартып, ултра улутчул кыймыл Орусияда жарандык согуштун жалынын тутандырат. Чыр-чатактар ​​АКШнын деңиз аскер күчтөрүнүн жана Британиянын атайын аба кызматынын көз карашы менен чагылдырылат. Окуя ар кайсы жерлерде, мисалы, Бириккен Падышалыкта, Жакынкы Чыгышта, Азербайжанда, Орусияда жана Украинада болуп өтөт. Оюндун көп оюнчуга негизделген бөлүгү ар кандай оюн режимдерин сунуш кылат жана баскыч системасын камтыйт. Ал оюнчуга кошумча алдыга жылган сайын курал-жарактарды, курал тиркемелерин жана камуфляж схемаларын ачып чыгууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Оң сын-пикирлерге ээ болгон оюн GameRankings жана Metacritic тарабынан жалпы 94% упай алган. Оюн тактикасы жана окуясы белгилүү бир мактоого татып, сын-пикирлер оюндагы биринчи киши атуу жанры олуттуу түрдө жаңыланбаганына карата айтылган. Оюн IGN'дин "Мыкты Xbox 360 оюн" наамы сыяктуу көптөгөн оюн сайттарынын сыйлыктарын утуп алган. 2008-жылдын январь айына карата жети миллиондой көчүрмөсү сатылып, ал 2007-жылы дүйнө жүзү боюнча эң көп сатылган оюн болуп калган. Ал эми 2013-жылдын ноябрына карата он алты миллион сатылган.

Оюндун кайра куралган Call of Duty: Modern Warfare Remastered версиясы Playstation 4, Xbox One жана PC үчүн чыгарылган. Аны менен катар Call of Duty: Infinite Warfare'нын Legacy жана Deluxe чыгарылыштары 2016-жылдын 4-ноябрында жарык көргөн.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]