Canva
| Canva Pty Ltd. | |
| | |
| Негизделген жылы | |
|---|---|
| Негиздөөчүлөрү |
Мелани Перкинс, Клифф Обрехт, Кэмерон Адамс |
| Жайгашкан жери |
Сидней, Австралия |
| Өндүрүшү |
Программалык камсыздоо, графикалык дизайн |
| Продуктулары |
Графикалык дизайн платформасы, шаблондор, видео редактор |
| Жумушчуларынын саны |
4000+ |
| Урааны |
Design anything. Publish anywhere. |
| Сайт | |
Canva — 2013-жылы негизделген, Австралияга таандык көп улуттуу жеке программалык камсыздоо компаниясы. Ал презентациялар, веб-сайттар жана башка ушул сыяктуу визуалдык материалдарды түзүү үчүн графикалык дизайн платформасын сунуштайт. Платформа презентациялар, плакаттар жана социалдык тармактар үчүн шаблондорду, ошондой эле сүрөт жана видео редакциялоо мүмкүнчүлүктөрүн камтыйт.[1]
Canva колдонуучуларга профессионалдык дизайн билими жок эле визуалдык материалдарды түзүүгө шарт түзгөн сүйрөп-ташы (drag-and-drop) интерфейсти сунуштайт. Платформа шаблондордун, графикалык элементтердин, шрифттердин жана сүрөттөрдүн кеңири китепканасын камтыйт.[2]
Негизги максаты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Дизайнды бардыгы үчүн жеткиликтүү кылуу. Canva дүйнө жүзүндөгү жеке колдонуучулар, билим берүү мекемелери, коммерциялык эмес уюмдар жана бизнес түзүмдөр тарабынан колдонулат. Платформа freemium модели менен иштейт: негизги функциялар акысыз жеткиликтүү болуп, кошумча мүмкүнчүлүктөр жазылуу аркылуу сунушталат.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Canva компаниясы 2013-жылы Мелани Перкинс, Клифф Обрехт жана Кэмерон Адамс тарабынан негизделген. Компаниянын негизги максаты — дизайнды бардык адамдар үчүн жеткиликтүү кылуу. Баштапкы этапта платформа негизинен презентацияларды жана жөнөкөй визуалдык материалдарды түзүүгө багытталган.
Мүмкүнчүлүктөрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Canva сүйрөп-ташуу (drag-and-drop) интерфейси аркылуу иштейт жана профессионалдык дизайн билими жок колдонуучуларга ылайыкташтырылган. Платформа төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү камтыйт:
- презентациялар жана документтер үчүн шаблондор;
- социалдык тармактарга ылайыкталган визуалдык материалдар;
- сүрөт жана видео редакциялоо куралдары;
- командалык иштөө функциялары;
- басып чыгаруу кызматтары.
Планы жана баасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Canvaда ар түрдүү пландар болот. Алардын негизгилери: Акысыз (Free) жана Pro (премиум төлөнүүчү)планы.
1. Canva Free (Акысыз план)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Бул планды толук акысыз колдонууга болот. Анда бекер шаблондор, сүрөттөр, графикалык элементтер жана 5 ГБ булут сактагычы камтылган. Бул план жаңы баштаган колдонуучуларга, жеке колдонууга жана чакан долбоорлор үчүн ылайыктуу.
2. Canva Pro (Премиум план)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Canva Pro — акы төлөнүүчү жазылуу планы. Адатта айлык жазылуу баасы 12–15 АКШ доллары, ал эми жылдык жазылууда арзандатылган тариф сунушталат. Бул планда 100 миллиондон ашык премиум сүрөттөр, видеолор жана шрифттер, фонду автоматтык түрдө алып салуу, жасалма интеллектке негизделген куралдар, ошондой эле 1 ТБ булут сактагычы жеткиликтүү.
3. Canva командалар үчүн (Teams / Enterprise планы)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Бул план чоң командаларга жана уюмдарга арналган.Ал бир нече колдонуучунун биргелешип иштөөсүнө, брендди башкарууга жана командалык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга шарт түзөт.[3]