Clean Bandit

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Clean Bandit - 2008-жылы Кембриджде түзүлгөн британиялык электрондук музыкалык топ. Топтун мүчөлөрү: Грейс Чатто жана Жек менен Лүк Паттерсондор. 2013-жылы кайрадан чыгарылган 2011-жылы чыккан "Mozart's House" (кырг. "Моцарттын үйү") сингли Улуу Британия синглдери чартында 17-орунду ээлеген. Жесс Глин менен болгон кызматташтыгынын натыйжасында 2014-жылдын январында чыккан классикалык жана бий музыкалык элементерин камтыган "Rather Be" (кырг. Тезирээк болсо) сингли мурунку эле чартта биринчи орунга татыган. Ушул эле ыры АКШнын Billboard Hot 100 чартында 10-орунга жеткен.

2015-жылы "Rather Be" "Грэмми" сыйлыгынын "Эң мыкты бий музыкасы" номинациясын жеңип алган. 2016-жылы чыккан Рэппер Шон Пол менен ырчы Энн-Мари менен бирге жаздырылган "Rockabye" аттуу сингли топтун экинчи мыкты хиты болуп 2016-жылдын эң мыкты рождестволук сингли болуп жети апта бою чарттын жогорку орундарын ээлеген. Бул сингл эл аралык чарттардын биринчи орундарын ээлеп АКШда тогузунчу орунду алган. Clean Bandit дүйнө жүзү боюнча 13 миллон сингл жана 1,5 миллион альбом саткан.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Курамы[оңдоо | булагын оңдоо]

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]