Creed

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Creed - бул белгилүү америкалык рок тобу, 1993-жылы Флориданын борбору Таллахассиде түзүлгөн. Топ мыкты музыканттардан турат, алар топтун түзүүчүсү жана вокалисти: Скотт Степп, гитарист жана вокалист Марк Тремонти,басист Брайан Маршалл, жана барабанчы Скотт Филлипс. Брайан Маршалл топтон кеткиче, Creed эки студиялык альбом жаратышкан: 1997-жылы "My Own Prison"; 1999 -жылы "Human Clay". Музыкант Брайан Маршалл 2000-жылы топтон чыгып кеткен. Топтун үчүнчү альбому "Weathered" 2001-жылы жарык көргөн. Ал эми, 2004-жылы топтун мүчөлөрүнүн ортосунда түшүнбөстүктөн улам топ тарап кетүүгө мажбур болгон. Тремонти, Маршалл жана Филлипс өзүнчө "Alter Bridge" тобун түзүшкөн, ал эми Степп жеке карьерасын түзүп кеткен.

2009- жылы, бир нече айлардан кийин Creed тобу кайрадан биригип, "Full Circle" аттуу альбом жазышып, 2012-жылга чейин гастролдук сапарда жүрүшкөн. Кезектеги альбом чыгаруу пландалган,бирок кийинкиге калтырылган. Кийин, музыкалык топтун мүчөлөрү "Alter Bridge" чыгармачылык тобуна кайрылышкан, бул убакта Тремонти өзүнүн музыкалык тобун түзгөнгө жетишсе, Скотт Степп Art of Anarchy тобуна кошулган. Азыркы убакта "Creed" музыкалык тобун кайрадан жандандыруу боюнча пландар жокко эссе.

1990-жылдардын аягында, 2000-жылдардын башында популярдуулукту багындырып турган кезде, үч эн көп сатылган, мультиплатиналык альбомду чыгарганга жетишишти. Бул альбомдордун арасынан бирөөсү эн көп кирешелүүсү болуп эсептелинет. Creed тобунун Америка Кошмо-Штаттарында 28 миллион, ал эми бүткүл дүйнө жүзү боюнча 53 миллион альбомдору сатыкка чыккан. Ушундай деңгээл менен 2000-жылдары, эн көп сатыкка чыккан музыканттардын арасынан 9 - орунду ээлешкен. Creed коп учурда 1990-жылдын аягында башталган, көрүнүктүү кыймыл пост-гранждын иштери менен таанымал.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Курамы[оңдоо | булагын оңдоо]

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]