DJ Snake

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Уильям Сами Этьен Григасин (англ. William Sami Etienne Grigahcine; 1986-жылы 13-июнь) - DJ Snake сахналык ат менен таанымал болгон француз дижей жана үндү жазуу продюсер.

"Гремми" сыйлыгынын талапкери болгон продюсер жана чыгармачыл адам, DJ Snake, 2013-жылы "Bird Machine" (кырг. "Куш механизми") жана "Turn Down for What" (кырг. "Эмне себебинен баш тартуу") синглдери менен эл аралык сахнага биринчи жолу чыккан. "Bird Machine" сингли Alesia француз тобу менен биргелешкен иши. Бул сингл Diplo продюсердин Лос-Анжелестик Mad Decent үн жаздыруу фирма белгиси тарабынан тандалып 2013-жылдын февралында жарыкка чыккан. 2013-жылдын июнунда Diplo Уильям Григасини (DJ Snake) Би-Би-Си Radio 1 толкунунда берилген "Diplo & Friends" (кырг. "Diplo жана достору") радиошоунда жандуу концертин коюга чакырган.

DJ Snake менен Diplo чогуу иштешүүсү жарыяланып, алгачкы биргелешкен иши 2014-жылга белгиленген. Акырында алардын чогу жасаган чыгармасы 2015-жылы MØ жана Major Lazer менен кошо биргелешип "Lean On" (кырг. "Таянуу") сингли түрүндө чыгат. 2014-жылдын 30-апрелинде DJ Snake FoxWeekly боюнча Artist to Watch наамга ээ болгон. 2014-жылы DJ Snake Диллон Френсис менен бирге Skrillex дижейдин жайкы "Энелик" электромузыка турунун өзгөрүлмө жардамчылары катары жарыяланган.

Өмүр таржымалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]