Daft Punk
Daft Punk (1993-2021) - франциялык электрондук музыка дуэти, 1993-жылы Тома Бангальтер жана Ги-Мануэл де Омем-Кристо тарабынан түзүлгөн.
Токсонунчу жылдардын этегинде Франциядагы Хаус-музыка кыймылынын тушунда электро, хаус, диско жана синтипоптун элементтери аралашкан оригиналдуу дабыш жаратып, бир кыйла ийгиликке жетишишкен. Француз хаусунун өзүнүн калыптанышына чоң таасир тийгизишкен. 1996-жылдан 2008-жылга чейинки мезгилде алардын менежери Ed Banger Recordsтун башчысы Педро Винтер болгон.
Коллективдин мүчөлөрү карьераларынын башында Beach Boys жана The Rolling Stones сыяктуу топтордон катуу таасирленишкен. Башында Бангальтер менен Омем-Кристо Darlin’ деп аталган топ түзүшкөн. Бул топ көп өткөй тарап кеткен. Андыктан, топтун мүчөлөрүнө обончулук тажрыйбаларын өз алдынча жүргүзүүгө мүмкүндүк болгон. Дуэт 1997-жылы чуу көтөргөн Homework альбомун чыгарып, кайра Daft Punk деген ат менен жанданган. 2001-жылкы чыгарылыштагы Discovery альбому дагы да ийгиликтүү болуп, муну «One More Time», «Digital Love» и «Harder, Better, Faster, Stronger» клуб синглдары улап кеткен. Дуэт 2005-жылдын март айында сынчылар анчейин жылуу кабыл алышпаган Human After All аттуу үчүнчү альбомун чыгарган. Ошого карабастан, «Robot Rock» жана «Technologic» синглдары Улуу Британияда ийгиликтүү болгон. 2006-2007-жылдары Daft Punk музыкалык турга аттанган. Тур бүткөндө Alive 2007 жандуу альбомун чыгарган. Бул альбом "Мыкты электрон/бий альбому" номинациясында "Грэмми" сыйлыгын алган. Дуэт 2010-жылы "Так: Мурас" (англ. Tron: Legacy) тасмасына обон жазган жана анын саунтректерин камтыган альбом чыгарган.
Daft Punk сахнага дыкат ойлонулган жандуу чыгышы менен таанымал; көрүү элементтери жана өзгөчө эффекттер музыка менен бүтүндүк түзөт. Алардын чыгармачылыгында окуялардын визуалдуу сунулуп, музыка менен жуурулушуусу маанилүү. Эл алдына чыкканда робот костюмдарын кийген учурлары буга мисал.