Delphi

Википедия дан

Delphi (Делфи, айтылышы / dɘlˌfi: /) - өзгөрмөлөрү так статикалуу типтештирилген, императивдүү, структуралаштырылган, объектиге-багытталган программалоо тили. Пайдалануунун негизги багыты - колдонмо программалык камсыздоо жазуу.

Алгач Object Pascal деген аталышта болгон. Тарыхый жактан 1986-жылы Apple фирмасында Ларри Теслердин тобу тарабынан иштелип чыккан окшош аталыштагы тилдин диалектине барып такалат. Учурда болсо, Object Pascal термини көбүнчө Delphi программалоо чөйрөсүнүн тили маанисинде колдонулат. Borland компаниясы Delphi 7'ден баштап, расмий документтеринде Object Pascal'дын тилин билдирүү үчүн Delphi аталышын колдоно баштаган.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Максаттуу платформа[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Башында, Delphi иштеп чыгуу чөйрөсү тек гана Microsoft Windows колдонмолорун иштеп чыгууга арналган. Кийин Linux платформалары үчүн вариант ишке ашырылган (Kylix соода маркасы менен). Бирок, 2002-жылы Kylix 3 чыккандан кийин аны өнүктүрүү токтотулган. Көп өтпөй Microsoft.NET'ти колдоо билдирилген. Бул өз кезегинде Delphi 2007 чыккандан кийин токтотулган.

Учурда Windows'тун 32 жана 64-разряддык программаларын колдоо менен бирге Apple Mac OS X (Embarcadero Delphi XE2'ден баштап), iOS (XE4'ден баштап өз компиляры аркылуу симулятор камтып), Google Android ( Delphi xE5'тен баштап) жана Linux Server x64 (10,2 Tokyo версиясынан баштап) үчүн колдонмо түзүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]