Dire Straits
Dire Straits – 1977-жылы Детфорддо (Лондон) Марк Нопфлер (башкы вокал, гитара), иниси Дэвид Нопфлер (ритм-гитара, бэк-вокал), Жон Иллсли (бас-гитара, бэк-вокал) жана Пик Уизерс (доолбас, урма аспаптар) тарабынан түзүлгөн британиялык рок-тобу. Dire Straits музыкасы джаз, фолк жана блюз сыяктуу ар кандай музыкалык жанрлардын негизиде жаралып рок-н-ролл ченеминде болгон бит-музыкага жакын. Топтун баштапкы чыгармачылык ишинде үстөмдүк кылган панк-рок жанрына карабастан алардын музыкасы паб-роктон келип чыккан "баштапкы рок" жанрын чагылдырыш үчүн алардын үзгүлтүктүү музыкасы панк жанрына каршы келет. Dire Straits тобунун композициялары меланхолиялык мүнөзгө ээ.
Dire Straits тобунун 30 миллиондон ашык сатылган Brothers in Arms (кырг. Куралдаш; 1985) альбому болуп ошол заманда жаңылык болгон компакт-диск (CD) форматына жаздырылып миллион үн жаздыруусу сатылган биринчи альбому болгон. Ошондой эле Dire Straits 100 миллиондон ашык сатуулары менен дүйнө жүзү боюнча финансылык жактан эң ийгиликтүү топ болгон. Dire Straits тобу көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон, алардын ичинде: төрт "Грэмми" сыйлыгы, үч Brit Award сыйлыгы, анын ичинде эки "Эң мыкты британиялык топ" номинациясы, эки MTV Video Music Awards сыйлыгы жана башка музыкалык сыйлыктары да кирет. Топтун эң белгилүү ырлары: "Money for Nothing" (кырг. "Эч нерсеге жарабаган акча"), "Sultans of Swing" (кырг. "Кеченин султандары"), "So Far Away" (кырг. "Алыс"), "Walk of Life" (кырг. Коомдук катмар""), "Industrial Disease" (кырг. "Өнөр жайлык оору"), "Brothers in Arms" (кырг. "Куралдаш"), "Private Investigations" (кырг. "Жеке изкубар"), "Romeo and Juliet" (кырг. "Ромео менен Жульетта"), "Tunnel of Love" (кырг. "Сүйүү тоннели"), "Telegraph Road" (кырг. "Телеграфтык жол") жана "Lady Writer" (кырг. "Жазуучу айым").
Гиннестин британиялык хит альбомдору китеби боюнча Dire Straits UK Albums Chart чартында 1100 апта бою бешинчи орундан түшкөн жок. Топтун чыгармачылык иши жалпысынан 15 жылга созулган. 1988-жылы топтун биринчи ажыроосунан кийин алар 1991-жылы кайрадан түзүлүп 1995-жылы Марк Нопфлер өзүнүн жеке чыгармачылык ишин баштаганда топ кайрадан таркаган. Ошол эки убакыттын ичинде топтун курамы ичинде бир канча өзгөрүүлөр болгон, ал эми Марк Нопфлер жана Жон Иллсли топтун эки өзгөрүлбөс мүчөлөрү бойдон калган.