Dolores O'Riordan
Долорес Мэри Эйлин О'Риордан (англ. Dolores Mary Eileen O'Riordan, 6 сентябрь 1971, Лимерик - 15 март 2018, Лондон) - ирландиялык музыкант, композитор, акын жана аткаруучу. Ал The Cranberries рок-тобунун 1990- 2003-жж. тыныгууга кеткенге чейин жана 2009-жылы кайра чогулушкандан кийинки лидери болуп келген.
Долорестин жеке альбому Are You Listening? 2007-ж. чыгып, 2009-жылы No Baggage альбому менен коштолгон. Dolores O'Riordan ритмикалык мецо-сопрано үнү, йоддогон лимерик акцентинин басымдуулугу менен таанымал болгон. Ал RTÉ каналы өткөзгөн Ирландиянын Үнү сынагында 2013-2014-жылдары калыс катары катышкан. 2014-ж. апрелинде D.A.R.K. триосуна кошулуп жаңы материал жаздырып баштаган. 2018-жылдын 15-январында Лондон шаарына жаңы компоизция жаздырганы учуп келгенде күтүүсүздөн көз жумган.
The Cranberries тобунда[оңдоо | булагын оңдоо]
Топтун 1990-жылы чыккан алгачкы Everybody Else Is Doing It, So Why Can't We? (кырг. Башкалар кылса, эмнеге биздин колдон келбесин?) альбому коммерциялык ийгиликке жетиши менен The Cranberries эл аралык атак-даңкка жеткен. The Cranberries 1990-жылдардын эң ийгиликтүү рок-тобу, алар дүйнө жүзү боюнча 40 миллион альбом сатышкан. Топтун төрт альбому (Everybody Else Is Doing It, So Why Can't We?; No Need to Argue (кырг. Тартышуунун кереги жок), To the Faithful Departed (кырг. Өлгөн такыбага) жана Bury the Hatchet (кырг. Кылычты кынга катуу) Billboard 200 чартынын 20 эң мыкты альбомдордун тизмесине кирген. Ошондой эле алардын сегиз синглы ("Linger" (кырг. "Байланып калуу"), "Dreams" (кырг. "Кыялдар"), "Zombie" (кырг. "Зомби"), "Ode to My Family" (кырг. "Үй-бүлөмө арналган ода"), "Ridiculous Thoughts" (кырг. "Күлкүлүү ойлор"), "Salvation" (кырг. "Куткаруу"), "Free to Decide" (кырг. "Чечимге эркин") жана "Promises" (кырг. "Убадалар")) Modern Rock Tracks чартынын 20 эң мыкты синглдердин тизмесине кирген.
2009-жылдын башында the Cranberries алты жылдык тыныгуудан кийин кайрадан биригип түндүк Америка турун баштаган, кийин Латын Америка жана Европаны кыдырып шоу тартуулашкан. 2011-жылы алар Roses аталышындагы алтынчы альбомун жаздырышкан, ал 2012-жылдын 27-февралында жарыкка чыккан. 2017-жылдын 28-апрелинде алар ирландиялык камералык оркестри менен бирге мурунку ырларын камтыган Something Else (кырг. Дагы бир нерсе) альбомун чыгарган.