Don't Speak (ыр)

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Don't Speak (кырг. "Унчукпа") – No Doubt аталышындагы америкалык рок-тобунун ыры. Бул ыр топтун "Трагедиялуу королдук" (англ. Tragic Kingdom, 1995) аталышындагы үчүнчү студиялык альбомунун үчүнчү сингли катары 1996-жылы жаздырылып чыккан. Ырдын сөзүн топтун вокалисти Гвен Стефани, кесиптеши жана мурунку сүйгөнү Тони Канэл менен жети жыл созулган сүйүүсү аягына чыккан соң, Эрик Стефани агасы менен бирге жазган.

Ырдын популярдуулугуна карабастан, "Don't Speak" Billboard Hot 100 чартына (анткени бул ыр убакыттын эрежелери боюнча финансылык жактан чартка ылайык келбей) кирген жок бирок ыр Billboard Hot 100 Airplay чартында 16 апта бою биринчи орунду ээлеген. АКШдан тышкары "Don't Speak" Австралия, Канада, Нидерланды, Жаңы Зеландия жана Улуу Британия сыяктуу ири мамлекеттердин чарттарынын биринчи орундарына ээ болуп эң ийгиликтүү эл аралык сингл болгон. "Don't Speak" 1998-жылы "Грэмми" сыйлыгынын "Жылдын эң мыкты ыры" жана "Дуэттин/топтун эң мыкты поп-аткаруусу" номинацияларынын талапкери болгон.

Бул ыр Blender журналынын "Туулганыңдан бери эң мыкты болгон 500 ыр" тизмесинде 495-орунда жайгашкан."Don't Speak" 2009-жылдын Band Hero видео оюнунун музыкалык треки болгон жана 2008-жылы чыккан Rock Band 2 музыкалык видео оюндун жүктөөлүчү ырларына кошулган.

"Don't Speak" бир канча хип-хоп аткаруучулардын ырларында коштолгон, алардын ичинде Ракимдин "Атайын ыр" (англ. "Dedicated") жана Ice Cube рэпердин "Согуш жана тынчтык" (англ. "War & Peace").

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]