Don't Worry, Be Happy

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

"Don't Worry, Be Happy" (кырг. "Кабатыр болбо, бактылуу бол") - америкалык ырчы Бобби Макферриндин ыры. 1988-жылы сентябрь айында чыккан. Billboard Hot 100 чартынын алдыңкы сабына чыгып, анда эки жума турган биринчи акапеллалык композиция. Британиянын UK Singles Chart'ында беш апта турган жана экинчи сапка жеткен. 1989-жылдагы Грэмми сыйлыгынын аземинде "Don't Worry Be Happy" "Жылдын ыры" (Song of the Year), "Жылдын үн жазмасы" (Record of the Year) деп табылган. Бобби Макферрин болсо, "Мыкты эркек поп вокал аткаруу" номинациясында жеңген. Ырдын аты индиялык философ жана мистик Махер Бабанын айтылуу санат сөзү болуп эсептелет. Ыр жазз менен регги стилдерин айкалыштырат. Макферринден сырткары Робин Уильямс менен Билл Ирвиндер да катышкан клип тартылган.

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]